Чай үстүндө баарлашуу

КР Улуттук жазуучулар союзу “Сармерден” ресторанынын ээси Дүйшемамбет Орозалиевдин демөөрчүлүгү менен “Чай үстүндө баарлашуу” долбоорун баштады. Бул долбоордун алкагында эл алдына көп чыга бербеген, көмүскөдө калган таланттарды алып чыгып, акын-жазуучулар менен чай үстүндө маектешип, чыгармачылыгы талкууланат. Алгачкы каарман акын Динара Бейшеналиева болду. Акын менен баарлашуу үчүн КР Эл акыны С.Акматбекова, жазуучу А.Матисаков, М.Сабыров, Ж.Жоробеков, акындар В.Бөлөкбаева, А.Базарбаева, Л.Асанбекова, А.Бакирова, М.Алымбекова ж.б. катышты. Долбоордун автору КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков бул саамалык ай сайын улантылып турарын белгиледи. Жазуучулардын чай үстүндө баарлашуусун жакында adabiyat.kg сайтынан жана ютуб каналдан көрө аласыздар.