Бактыбек Максүтов: Каргашалуу түн

Каргашалуу түн (аңгеме) Акылбек үй-бүлөсү менен мурдагы колхоздун кыркын сарайына көчүп келип, акысын алып, кышында ар кимдин жылкысын багып жүргөнүнө быйыл үчүнчү жыл болду. Күндүз жылкыларды жайытка чыгарып жибергени менен түнкүсүн такай жанында болуш керек. Ит-куштун колдон талашып турган учуру. Ал бүгүн да адатынча жылкыларды жайып коюп, үйдөй чоң кара таштын далдоосунда отурду. Бутуна калың чокой, ичинен жылууланып, сыртынан тон кийгенине карабай, түнкү ызгаарлуу суукка кайыгып баратты. Мурда даярдап койгон отундан жагып, жылынды. Ай сүттөй жарык. Жылкы жаныбар кыштын кыраан чилдесине карабай аяздуу суукта калың карды тээп, астынан тоют таап толугу менен…..