Бүкадича Акимжан: “Үн катпа азыр… үмүттүн өңүн аздырып, Үшүгөн ойлор, чыкыроон шамал азгырып.”

 Бүкадича Акимжан 1983-жылы Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн. 2000-жылы Кыргыз-Ата (учурдагы А. Парпиев) гимназиясын бүтүргөн. 2000-2005-жылдары арасында Ош Мамлекеттик Университетинин теология факультетин аяктаган. 2005-2008-жылдары Анкара Университетинде  педагогика тармагында аспиратурасын, 2016-жылы болсо докторантурасын бүтүргөн. Учурда жогорку окуу жайда мугалим. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.   МИГРАНТ Дүйнөнүн бир бурчунда шарактаган, Метронун үнү зээнин мазактаган, Мигранттын көңүлүндө муң-зары бар, Күлсө да, күлкү ууртуна жарашпаган.   Жуурулуп дүйнө менен баратса да, Жулунган ойлор дилди канатса да, Журтуна өгөй болуп бир муун өсөт, Мезгили өз өкүмүн талашса да.   Маңдайдан сылабаган мээрим төгүп, Мекендин толугу менен…..