Нуралы Капаров: Карл Маркс капа болгондо…

(даректүү аңгеме) …Анан эле бир күнү базар экономикасы жетимиш жыл тынч жаткан элге чакырылбаган коноктой чапкан атынын оозун тарталбай дуулдап кирип келип, сарамжалдын сарымайдай сактаганын саттырып, чор тамандын чогултканын чачтырып, кымбат баадай кыйбас мүлктү кыйдырып, жулбас мүлктү жулдуруп, алынбасын алдырып, берилбесин бердирип, тополоң-тос түшүрүп, эгерим базарга буту баспаган курнамыс кыргызды колуна көр-жер карматып дүңүнөн базарга кууп чыгып, жоош-момурап оозун ачкан элди бир заматта шылуун соодагерге айлантып таштады. Козголбогон биз да — «Алатоо» журналында иштегендер да козголуп, алда кандай күн болот деп эртеңкинин камын жеп, эчен жыл жарык көрбөй быгып жаткан көөнө толугу менен…..