Акын Бактыгүл Көкөтаеванын поэзия кечеси болуп өттү

Акын Бактыгүл Көкөтаеванын «Жамгыр калсын эсимде» поэзия кечеси болуп өттү. Иш-чара “Кыргызстан Аялдар кыймылынын” түзүлүшүнүн 98 жылдыгына карата “Кыргыз Республикасынын Аялдар комитети” коомдук бирикмесинин “Менин жан дүйнөм” долбоорунун алкагында уюштурулду. Кечеде Бактыгүл Көкөтаеванын ырларын Кыргыз Республикасынын эл артисттери Жипариса Көчөрбаева, Турусбек Жумалиев, эмгек сиңирген артисттери Гульмира Кучербаева, Нурдөөлөт Копоев, театрдын белгилүү жаш артисти Өмүрбек Израилов жана акын Гүлзада Станалиева көркөм окушту. Иш-чарага акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, кино жана театр өкүлдөрү, композиторлор катышты. “Бул долбоордун максаты акын аялдарды колдоо, алардын чыгармачылыгы аркылуу калкты, жаштарды чыгармачылыкка, адабиятка жана поэзияга кызыгуусун арттыруу”, – дейт “Кыргыз Республикасынын Аялдар толугу менен…..