Салтанат Орозобекова: …Көзүңдү асман тиктейт миң чырактуу, Таш жолду жаркыратат кимдир бирөө…

Улуу көч Күйүттүн да, бар артында жарыгы. Жарыгың да, болот кээде караңгы. Башы кайда? Кайда? кайда аягы? Баш аягы жок дүйнөбү качаңкы…   Түшүнгүчө, бу дүйнөнүн түпкүрүн, Тартып кетет каякадыр Түпсүзүң. Ар мезгилдей ала салган үшкүрүп, Кала берет ачылбаган Түп түйүн.   Бу болумуш, жаралганы түйүндүү, Жарыгы бар көкүрөктүн күйүттүү. Кыярбаган кыял кечип адамдар, Ишенишкен күндөрүнө күйүмдүү.   Учу кайда? Түбү кайда? Издешкен. Көп аңтарып көк асманды тиктешкен. Күйүп- өчүп күл болгуча куу жаны, Не издеген? Өздөрү да билбестен…   Бул байыркы, эзелки Эс-туюмбу? Учургамын мен да кыял кушумду. Кай толугу менен…..