Балдар жазуучусу Жылдыз Акаеванын “Асан менен Үсөн” аттуу китебинин бет ачары өттү

К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында балдар жазуучусу, Тоголок Молдо сыйлыгынын лауреаты  Бек Жылдыздын (Жылдыз Акаева) “Асан менен Үсөн” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Эл акыны Н.Жаркынбаев, балдар жазуучулары Ы.Кадыров, Б.Абдухамидова жана мектеп окуучулары катышты. Мектеп окуучуларына “Асан менен Үсөн” китебинен үзүндү окулуп, китеп тууралуу балдар өз түшүнүктөрүн айтып беришти. “Асан менен Үсөн” китебинин бет ачарын КР Улуттук жазуучулар союзу, К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы, Азия маданият өнүктүрүү борбору (Корея) уюштурду.

Алик Акималиев: Кел, ойнойбуз ушуну (балдар үчүн)

Мен бешик термете алам, а сенчи? Жел бешиги термелип, Жер бешиги термелип. Ай мончогу байланып, Күн мончогу айланып. Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк, Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк. Бешик боосу бек болсун! Бейкут күн-түн көп болсун! Бала мышык талашып, Бал каймагын жеп койсун! Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк, Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк. Аймончоктой алтын бол! Күнмончоктой күмүш бол! Анан бизге чачырап, Акылдуу бол! Сулуу бол! Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк, Ал-лей, ал-лей, ай бөбөк.   Асан-Үсөн Булут ыйлап басылып, Күн күлүңдөп чачылып. Ой, ой! Кызык! Асманда, Кылыч турат асылып.   Түрлүү түстүү шоолалар, Көк толугу менен…..