Динара Асакеева: Залкар сынчынын чабыттуу тагдыры

Залкар сынчынын чабыттуу тагдыры… Бул тагдырбы – ким билсин?.. Менин тагдырыма залкар сынчы Кеңешбек Асаналиевдин “Адабий айкаш” мемуарын кол жазма түрүндө окуп, редакциялоо иши (2008-жыл) буйруган экен… Кандай болгон күндө да, ушундай чоң сынчынын: кыргыз адабиятынын тарыхы, теориясы боюнча алдына эч кимди чыгарбаган кашкѳй сынчы-адабиятчынын акыркы эмгеги, тактап айтканда, реквием чыгармасы “Адабий айкашты” редакциялап, ага редактор болуп калганыма сыймыктанам… Атактуу адабиятчынын жанында жүрүп, көптү үйрөнүп, илим жолуна аттанганым.., агайдын ѳзү айткандай, чыгармачылыгынын жыйынтыгы болгон эмгегин окуп калгандыгым.., ойлоп көрсөм, чындыгында – бул тагдыр экен… Редактор катары карап чыгууда мени алгач толугу менен…..