Белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өтөт

Айтылуу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси, “Асаба, “Агым”, “Баягы Асаба” басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулунун эскерүү кечеси 25-апрелде Улуттук филармонияда өткөнү турат. Акын “Асаба” гезитине “Записки от скуки” аталышта кыска-нуска турмуштагы окуяларды жазчу эле. Ошондон үзүндү беребиз! Записки от скуки Чымчык «Кудайым жараткан жаныбар да, куштарды карап көп нерселерди билсең болот» деп калчу чоң апам. «Эмнени?» деп олтурган жеримен тура калам. «А-аа, чунагым десе, көп эле нерсени, аба-ырайын, жутчулукту, токчулукту, молчулукту, эл пейилин…» деп терезе тарапты карап, ойлонуп калар эле. Мен эшикке чуркап толугу менен…..