Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Адабиятчы Садык Алахандын залкар акын Райкандын термелери жөнүндөгү 5-макаласын окурмандарга тартуулайбыз. Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү Арийне, жамандыкка жарчы болгон коомдогу бардык терс көрүнүштөр сыяктуу эле Адам баласы да тээ байыркы учурлардан бери эле жинди сууга каршы күрөшүп келиптир. Кытайда, Египетте, Байыркы Греция менен байыркы римде ичимдикти шаан-шөкөттөрдө ичүү менен такай ичүүнү ажыратып кароонун зарылдыгын» баса белгилешиптир. Аракечтерди эл алдына алып чыгып шылдыңдоо, жек көрүмдүү кылып кордоо, ал турсун ырайымсыз жазалоо жана өлтүрүү сыяктуу жаза чаралары аталган байыркы мамлекеттерде өтө кеңири колдонулган. Гиппократ менен Галендин эмгектеринде аракечтик толугу менен…..