Мукаш Жумагулов: Талант

Талант (Сахнага жаӊыча модада кийинген жигит чыга келет.) Эх, талант! Талант! Талант дегениӊ бир керемет, бир ажайып, бир жыргал экен го! Көрсө, бул көркөмдүү, көрүнүктүү, ийкемдүү жашоонун бир ыкмасы  экен. Мына бирибиз акын, бирибиз артист, бирибиз художник, бирибиз жазуучу болуп күндөн-күнгө оргуштап, өнүгүп, өсүп бара жатабыз. Ушундай современный таланттарды тууп салган, кийинки современный энелерге даӊк! Мен мезгилдин талабына жараша бул дүйнөгө келгенимди карасаӊ. Жаратылыш мага мээни бир чоӊ баштык омподой эле берген экен. Бах! (Чөнтөк күзгүгө каранып). Өӊүм, түсүм, дидарым, кебете кешпирим, тимеле европалыктардыкындай турбайбы? Көзүм, оозум, мурдум… Бах чиркин, толугу менен…..

Тургунбай Эргешов: Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт, өзүңдө чирип жатса жиликтерим

Мен күткөн бакыт Бөлүнсөк, көз жашымсың, Ата Журтум, ыр жазган дептериме тамчылаган. Туяктан жүрөк каны агып жаткан, күлүккө окшоп кетем кансыраган.   Бөлүнсөк, көз жашымсың, Ата Журтум, аш ичкен аягыма тамчылаган. Жолдордун ортосунда баратсам да, сокурга окшоп кетем жол сураган.   Бөлүнсөк ыдыраймын, Ата Журтум, денеден тамырларым сөгүлгөнсүп. Экөөбүз өйүз-бүйүз болгонсуйбуз, жер шары тең экиге бөлүнгөнсүп.   Экөөбүз кучакташпыз, Ата Журтум, башкага асман жердей бирикпедим. Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт, өзүңдө чирип жатса жиликтерим.   Кайрылуу Пенделер, мени бир аз аягыла, чындыктын жыпжылаңач жетимимин. Чыгарып салбагыла бурап-бурап, турмуштун туткасынын толугу менен…..