Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (соңу)

Сүйүү, сүйүү Оттор өчүп, кеч күүгүмдө жагылган, Үйлөр жымжырт түндүктөрү жабылган. Жар салгансып жаңырыктайт кашка суу, Мончок бүркүп улам жарга кагылган. Асман тунук. Сапар тартып сан жылдыз, Каяккадыр, каяккадыр агылган. Ортосунда араң калкып ай барат, Мис табактай түнкү көрккө тагылган.   Тыноо кагып, тынч көшүлөт капчыгай, Өжөрлөнүп жели кырга чапчыбай. Кайда, кайда?.. Калган белем көрүнбөй, Кызын жазап кырда олтурчу чакчыгай. Кабак чытып карагансыйт сары аска, Жазмыш өзү жасап койгон сакчыдай. Жолборс сүрдүү жондор жатат комдонуп, Кылым ачпай сырын ичке катчудай.   Аяк серппейт Соң-Көл андан ныксырап. Ай кучактап уктап жаткан толугу менен…..

Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр (2-бөлүк)

II бөлүк Соң-Көл түндөрү Курчоодо Чөп козголот, анын сырын жел билет, Аркы жакта кымызга мас эл күлөт, Бээлер саалат… Соодагерлер жол тартат, Кыз суу алып, чуркап келет делбиреп. Козу маарайт… Балдар сайда чурулдайт, Демейде өтчү күн экенин белгилеп. Өмүр бою баш бакпаган бул үйгө Биринчи ирет бүгүн кирет Келдибек.   «И келиңиз!.. Урматтуу бай, келиңиз! Төргө, мына?.. жок, жок өтө бериңиз!» Кан киргендей шашып калат калдастап. «Адил мырзам, сак турабы дениңиз?» «Шүгүр, шүгүр, жаз чыкканы жакшымын, Билбейм анан… мени «мырза» дедиңиз? «Ооба, ошенттим…атайы айттым мен аны, – Бай каткырат: «башка толугу менен…..

Сүйүнбай Эралиев: Ак Мөөр

Окуучуга Ак Мөөр кыздын күндөй жарык элесин, Билем сен да унуталбай келесиң. Укканың да, балким, бардыр эсиңде, Соң-Көлдөгү анын соңку керээзин? Аны кайра бүгүн сага апкелдим. Жай олтуруп, сыр алышкын сен өзүң. Кокус кетсе махабатың ойгонуп, Эркине кой, ээлейм десе ээлесин.   Ак Мөөр анык турган болсо оюңда, Аттан анда алыс Соң-Көл боюна. Көл шарында сүзүп ойноп шарактап, Ал алиги кыздар курган оюнда. Аңдып жүргөн жигиттер да канчалык, Арзысак деп ал бир карап коюуга. Көптөн көрбөй, куса болуп санааркап, Сагынганым алам мен да моюнга.   Баягы көрк, баягы эрке сулуулук, толугу менен…..