Керимбек Кадыракунов: Бир тамчы

Бир тамчы Кылтайды тоодон күн чыгып, кыймылдан “тырс” деп үн чыгып. Бой түзөйт гүлдөр, жатты эле, шүүдүрүм басып тумчугуп.   Көлкүлдөп күндөн жашынбай, мөлтүлдөп жылып шашылбай. Бойлоду гүлдүн сабагын, бир тамчы көздүн жашындай.   Таркатар бойго кубатты, алмашар айлап сугатты. Бүт өмүр күткөн бир учур, кез келген балким убак бу.   Татканып тамчы мүрөктөй, кулпунду гүлгө кир өтпөй. Алыстап кетти айдарым, арманда калып бир өппөй.