Абдулазиз Мамбетбакиев: Асан менен Хасан

Асан менен Хасан Бар экен жок экен, ач экен ток экен, өткөн замандардын биринде Асан кембагал менен Хасан деген бай-манап болгон экен. Бир күнү Асан көчөдө бара жатса Хасан байдын ити чуркап чыгып Асандын аягын тиштеп алат. Ачуусу келген Асан итти таш менен урат, таш башына тиет да ит жан берет. Асандын бул кылган ишин көргөн Хасан бай казыга барып арызданат. Параланган казы ошол замат Асанды айдап келтирип тике тургузуп суракка алат: —Ой, чапаны тизесинен ашпаган неме! Сен эмне үчүн кыштагыбыздын урматтуу адамы Хасанбайдын итин күнөөсүз өлтүрдүң? —Мартабалуу казым! — толугу менен…..