Айжаркын Эргешова: Мен сенден, сен менден тымызын, Күтөбүз бактынын ачкычын

Айжаркын Эргешова 1973-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай өрөөнүндө туулган. 1989-жылы орто мектепти, 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз тили жана адабияты факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1998-жылы “Сиз” аттуу ырлар жыйнагы Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыкка татыган. 2005-жылы “Жүрөктөгү арал” ырлар жыйнагы жарыкка чыгып, бул китеби үчүн “Алыкулдун ак боз аты” сыйлыгынын дипломанты болгон. ***** Сен мейли, алыс болгун дил тумарым, Көз жетип, кол жетпеген мунарыктай. Жашоодо жашайм башка адам болуп, А дилим сени менен жүрөт кыйбай… Жаныңда жалбарамын карегиңе, Чачыңды сылайт ысык алаканым. Туямын энтиккениң кулак түптөн, толугу менен…..