Айнуру Алтыбаева: “Көйгөйдү чогулуп чечүү кыргыздын канында бар”.

Марафонго акын-жазуучулар, коомдук-мамлекеттик ишмерлер, маданият ишмерлери, окурмандар активдүү катышууда. Жогорку Кеңештин депутаттары, экс депутаттар да салым кошуп, жазуучулардан кабар алууда. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу чыгармачыл жамаат менен келип, жагымдуу маанай тартуулап, театрдын атынан 20000 сом салым кошту. КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмесинин төрайымы Айнуру Алтыбаева көмөк көрсөтүп, “Көйгөйдү чогулуп чечүү кыргыздын канында бар. Ынтымактуу, биримдиктүү элибиз менен сыймыктансак болот” деген пикирин билдирди.