“5 акын” теледолбоору жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган “Беш акын” теледолбоору жыйынтыкталды. Аталган долбоордун бул жолку катышуучулары 30 жашка чейинки жаш калемгерлер – Акжол Доранбек уулу, Жакшылык Дүйшөнбек уулу, Кадырбек Аблабеков, Болот Мамбетисаев жана Замир Орозбай уулу болду. 5 бөлүктөн турган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, 9 адамдан турган калыстар тобунун сынына толгон Акжол Доранбек уулу жеңишке ээ болду. “5 акын” теледолбоору кыргыз акындары арасында 3 ирет өтүп, жалпысынан 75 акын катышты. Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, КР Эл акыны К.Кулуевдин толугу менен…..

“5 акын” теледолбоору жыйынтыкталат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун бешинчи айлампасы жана жыйынтыктоо аземи 7-декабрь күнү КТРКнын концерттик студиясында өтөт. Жыл бою өткөрүлүп келген теледолбоордун соңку катышуучулары 30 жашка чейинки калемгерлер, алар – Акжол Доранбек уулу, Жакшылык Дүйшөнбек уулу, Кадырбек Аблабеков, Болот Мамбетисаев жана Замир Орозбай уулу. Кече саат 13:00дө башталат. Бардык күйөрмандар үчүн эшик ачык. Жаш таланттарга жандуу күйөрман болууга чакырабыз. КРУЖС, ТҮРКСОЙ, КТРК

“5 акын” теледолбоорунун 3-көрсөтүүсү жыйынтыкталды

Түрк тилдүү элдердин “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму, КР Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип өткөрүп жаткан “5 акын” теледолбоорунун үчүнчү айлампасы соңуна чыкты. Бул жолку катышуучулар Манас Алымбаев, Алиман Абдыкеримова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Жыпара Арыковалар болушту. Бардык акындардын даярдыгы мыкты болуп, активдүү катышкандыктан, жеңүүчүнү аныктоо кыйынчылык жаратты. Калыстар тобу ар бир акын жазган ырлары боюнча бири-биринен айырмаланган, оригиналдуу таланттар экендигин баса белгилешип, жыйынтыгында Жыпара Арыкова жеңүүчү болду. “5 акын” теледолбоорунун үчүнчү жеңүүчүсү болгон Ж.Арыкованы чын дилден куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.  

“5 акын” теледолбоору эки күн катары менен өтөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун экинчи жана үчүнчү көрсөтүүлөрү шартка байланыштуу 11-12-май күндөрү катары менен тартылат. 12-май күнү өтө турчу кечеде акындар – Жыпара Арыкова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Манас Алымбаев жана Алиман Абдыкеримовалар өз таланттарын тартуулашат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

“5 акын” теледолбооруна жандуу күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорунун экинчи көсөтүүсүн эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун бул жолку кечесине акындар – Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Абдижалил Бетегеев жана Динар Мамбетакунова катышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 11-майында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

“Беш акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү К.Урманбетов

“Беш акын” теледолбоорунун биринчи көрсөтүүсү ийгиликтүү өттү. Биринен бири өткөн мыкты таланттар К.Урманбетов, Б.Сарыгулова, Ж.Саалаев, М.Осмонкулова, А.Темировалар ат салышып, жыйынтыгында Кыялбек Урманбетов жеңүүчү болду. Кыргыз Эл акыны К.Култегин төрагалык кылган К.Кадыракунов, А.Өмүрканов, Ү.Култаева, Г.Шакирова, С.Орозобекова, М.Токторов, Ж.Маматова, А.Исмаилов – тогуз адамдан турган калыстар тобу таланттарга өз баасын берип отурду. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган кечеге катышкан бардык акындарга, калыстарга, уюштуруучуларга, КТРКнын эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Жеңүүчү болгон Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетовду чын дилден куттуктайбыз жана мындан аркы чыгармачылыгына ийгиликтерди каалайбыз.

“Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун биринчи кечесинде акындар – Кыялбек Урманбетов, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, Мая Осмонкулова жана Алтынай Темировалар ат салышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 15-мартында саат 18:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

“5 акын” долбоору кайрадан уланат

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “5 акын” долбоорун кайрадан эфирге алып чыгат. Бул боюнча бүгүн төрага Н.Калыбеков, Кыргызстандын “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмундагы өкүлү К.Култегин, КТРК Башкы директору Б.Алиевдер жолугуп сүйлөштү жана долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча түзүлгөн үч тараптуу келишимге кол коюшту. Буга чейин 2 ирет өткөрүлүп, көрөрмандардын купулуна толгон долбоор жакынкы аралыкта кайрадан жанданат.