Акын Самидин Стамбеков:

  “Көкүрөгүндө ыры бар адам жер тандабайт, Бишкектен кетсем да, поэзиядан кеткен жокмун”   Самидин Стамбеков 1959-жылы 8-мартта Чаткал районундагы Каныш-Кыя кыштагында туулган. 1980-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Орто мектепте мугалим, директордун орун басары, директор болгон, райондук “Чаткал оттору” гезитинен баштап, республикалык, областтык газеталарда иштеген. 2008-жылдан бери карата Жалал-Абад областтык “Дил” гезитинин башкы редактору болуп иштеп келе жатат. “Алыстан жазылган каттар” (2002-ж.), “Самидиндин санаты” (2011-ж.), “Тирүүлүк – өзү көз ирмем” (2015-ж.) ыр жыйнактарынын автору, жыйырмадан ашык китептин редактору, медицина, биология багытындагы ондон ашык окуу китептеринин котормочусу. “Кыргыз читать дальше……