Максуда Ормонова: Менин апам

Менин апам Апамды сагындым. Аябай сагындым. Сагынычымдын чеги жок. Менин апамдай апа бул дүйнөдө жок! Жок! Албетте, жок! Ох-х, кандай гана мээримдүү. Боорукер, жүрөгү нурдан жаралган. Ар бир тамырынан кан ордуна нур агат. Сөзү балдан таттуу. Көзүн караган сайын карагың келет, жылуулугуна тойбойсуң. Апамдын баскан-турган ар бир кыймылы, сүйлөгөнү, күлгөнү, уктаса уйкусу да мени суктандырат. А жытычы, эч кимде жок жыты, мага дайым жыттанып турат. Апакай көйнөк, ак жоолук апама өзгөчө жарашат. Менин апам ак кийимдерди жакшы көрөт. Бул апамдын жүрөгүнүн таза, мөңгүлөрдөй бийик экендигин далилдейт. Апам да мени сагынды, толугу менен…..