Адабият кербени аймактарда

КР Президенти С.Н.Жапаровдун чыгармачыл союздарды колдоо саясатына ылайык КР Улуттук жазуучулар союзу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте “Адабият кербени” долбоорунун алкагында аймактарда жолугушууларды өткөрүүдө. Дүйнөлүк жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгы жана 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата акын-жазуучулар Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында эл менен жолугушууда. Бүгүн КР Эл акыны А.Рыскулов, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ж.Исабаева, публицист, Айтматов таануучу Э.Нурушев, КР Улуттук жазуучулар союзунун секретары Ж.Акаева, балдар жазуучусу Ы.Кадыровдор ОшМУнун студенттери менен жолугуп, баарлашып, поэзия кечесин тартуулашты. Ошол эле учурда КРУЖСнун проза секциясынын башчысы, жазуучу Ж.Токтогазиев, акын-жазуучулар толугу менен…..

Иш күнүңүздөр көңүлдүү улансын

Урматтуу калемгерлер, адабият сүйүүчүлөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы 2 айлык каникулдан кийин кайрадан өз ишин баштады. Жаңы дем, жаңы идея, чыгармачылык эргүү менен көп иштерди аткарабыз деген максаттарыбыз бар. adabiyat.kg сайты сиздерден жакшы сунуш пикирлерди, мыкты чыгармаларды күтөт. Биз менен кызматташып туруңуздар. Иш күнүңүздөр көңүлдүү улансын!

Жазуучулар союзунун катчылыгы эс алууга тарады

Урматтуу adabiyat.kg сайтынын окурмандары, урматтуу калемдештер! Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катчылыгы 3-июлдан 1-сентябрга чейин эс алууга тарады. Бул аралыкта редакциялык жамаат да ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп турат. Сиздер менен сентябрь айынан тарта жакшы жаңылыктар, жагымдуу чыгармалар менен көрүшөбүз деген ишеничтебиз.

Жазуучу, журналист Кочкорбаева Жамийла 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу, журналист Кочкорбаева Жамийла 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Кочкорбаева Жамийла 1937-жылы 27-августта Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке колхозунда туулган. 7 жылдык мектептен кийин Фрунзе шаарындагы №5 кыргыз орто мектебинен билим алып, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1955-1960) 1960-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы республикалык “Ленинчил жаш” жаштар гезитине адабий кызматкер болуп орношкон. 1962-жылдан 1965-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитинде адабий кызматкер болуп иштеп, кайрадан “Ленинчил жаш” гезитине бөлүм башчы болуп которулган. 1970-жылы Кыргыз Республикасынын радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетине которулуп, радиодо 2 жыл эмгектенген. Телекөрсөтүүдө “Эл чыгармачылыгы” аттуу редакция ачылып, толугу менен…..

КР ЖК Төрагасы Н.Шакиев Улуттук жазуучулар союзуна материалдык колдоо көрсөттү

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, кыргыз интеллигенциясынын калыптанышына жана улуттук адабиятты дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга зор салым кошкон, токсон жылдык тарыхы бар КР Улуттук жазуучулар союзуна моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом бергендиги үчүн Нурлан Шакиевге Башкармалыктын атынан ыраазычылык билдиребиз. Нурлан Тургунбекович, ишиңизге ийгилик, өзүңүзгө бекем  ден-соолук каалайбыз!  Эске салсак, буга чейин КР ЖК мурдагы төрагасы Т.Мамытов да КР Улуттук жазуучулар союзуна 200 000 сом каржылык жардам берген. 

Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи өттү

Бүгүн К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун салттуу түрдө эки жылда бир ирет ыйгарылып келген А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыгы, балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы республикалык адабий сыйлыгы жана быйыл алгач ирет уюштурулган проза багытындагы М.Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы конкурстук негизде тандалып алынган авторлорго ыйгарылды. Акын Махабат Молдалиева “Айгерим” аттуу китеби үчүн, акын Бурулкан Карагулова “Ойдун эшиги” аттуу китеби үчүн, акын, котормочу А.Исмаилов “Агыш түн” аттуу китеби үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту. толугу менен…..

Мамлекеттик катчы С.Касманбетов Улуттук жазуучулар союзуна келип, жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна келип, акын-жазуучулар менен жолукту. Жолугушууга төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, С.Станалиев, К.Сыдыкова, эл акындары Н.Алымбеков, А.Рыскулов, А.Өмүрканов, К.Култегин, Т.Закирова, М.Ааматов, Т.Нурманбетов, Маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер Ж.Саалаев, Т.Шайдуллаева, А.Сариев, К.Качибеков, К.Сариева, Б.Усубалиев, А.Медетов, Г.Станалиева ж.б. акын-жазуучулар катышты. Мамлекеттик катчы жазуучулар союзунун абалы менен таанышып, сунуш пикирлерди угуп, мамлекет тарабынан колдоо болорун билдирип кайтты. КР эл акыны К.Култегин “КР Президентинин китеп борбору” деген долбоорду ишке ашырууну сунуш кылды. “Учурда мамлекет тарабынан жылына көп эле китептер басылып атат. толугу менен…..

Жазуучулар союзуна жаңы мүчөлөр кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катары жаңы мүчөлөр менен толукталды. Мүчөлүккө сунушталган калемгерлер атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен жылына бир ирет КР Улуттук жазуучулар союзуна кабыл алынып келет. Быйыл дагы сунушталган таланттар поэзия, проза, балдар адабияты, публицистика секцияларында каралып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен 23 калемгер жазуучулар союзуна кабыл алынды. Жазуучулар союзуна өткөн жаңы мүчөлөр менен таанышып алыңыздар. Оторбаев Кубат Сатымкулов Азим Ниязова Клара Бообекова Манат Жанышбеков Акбар Рыскул кызы Нуркыз Нурлан кызы Бегайым Турсунбаев Жылдызбек Абдиев Жээнтай Жажанов Адылжан Авазов Абдыллабек Сокурова Жыргал Наралиева Миргүл Жумалиева Максуда Сейитова Сайра толугу менен…..

Жазуучулар союзунда жагымдуу жаңылык

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча бир жарым миллион карызынан кутулду. 2018-жылдын 31-декабрына чейин топтолгон карызды жабуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан каражат бөлүнүп берилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 15-февралындагы 136-тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун тартибине ылайык Жазуучулар союзунун карызын төлөө үчүн 1 590 700 (1 млн. беш жүз токсон миң жети жүз) сом бөлүнүп берилсин” деген (23.12.2022. Номер 812) тескемеси чыкты. 1934-жылы уюшулуп, толугу менен…..

Балдар жазуучулары арасында Тоголок Молдо атындагы сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы сыйлыгы жөнүндө  Жобо I. Жалпы жоболор КР Улуттук жазуучулар союзу мектепке чейинки курактан баштап, өспүрүм курактагы балдарга руханий тарбия берүү жаатында эмгектенип келе жаткан кыргыз тилиндеги мыкты адабий -көркөм чыгармалардын авторлорун, дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которгон котормочуларды сыйлоо жана моралдык жактан колдоо максатында Тоголок Молдо атындагы сыйлыгын жарыялайт.  КР Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгы (мындан ары – сыйлык) эки жылда бир ыйгарылат жана төмөндөгүдөй максатты көздөйт:  балдарды руханий жактан тарбиялоо; эне тилин өнүктүрүүгө салым кошуу; балдар толугу менен…..