Бердибек Жамгырчиев: Эзелкидей тоо жаңыртып дүбүртүм, Келген душман айбатымдан түңүлсүн

Кыргыз жери – тирүүлүк бактысындай Тузагынан турмуштун чарчаганда, Карааныңа бой таштайм ээ, Мекеним! Өз уулдарың өйдө-ылдый калчаганда, Өзөгүңө дарт түшөр кээде сенин.   Эргүү берип жүрөккө эчен жолу, Өмүрүмө тирүүлүк отун жаккан. Кандай гана аруу жол – Мекен жолу, Дайым жарык, дайым шар тосулбастан.   Кыргыз жери тирүүлүк бактысындай, Чөйчөгүнө калкынын толуп турган. Кыргыз жери бейиштин ачкычындай, Түбөлүктүү жыргалга жолуктурган.   Ала-Тоодо төрт мезгил кулпурат жер, Кудай бизге бербептир бекер жерден. Үй-бүлөгө, элиме ынтымак бер, Мекенимдин ташындай бекемделген.   Ата журттун ачылган гүлдөрүндөй, Биздин кыздар көрк берет эл ичине. Жигиттери толугу менен…..

Аза күтүү күнү

Өлкөбүздүн Баткен облусунда болуп жаткан каргашалуу окуялардан улам кырчындай жаштарыбыз, карапайым эл менен кошо мекен чегиндеги жоокерлерибиз каза болду. Кандуу окуядан улам 1-2-май өлкө боюнча аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ата-Мекенди коргоп жатып баатырларча курман болгон эр-азаматтарыбыздын жакындарына, үй-бүлөсүнө, жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. КРУЖС Башкармалыгы                   Ташмат Арыков ***** О Ата-Журт! Мен адаммын саа таза. Менден өзүң кереметтүү жаа жаса. Барып туруп сайылайын көзүнө, Эгерде ким кан согушту кааласа. ***** Ашып-ташып кубат берип жаш толугу менен…..

Данияр Исанов: Ата-Журт

Ата-Журт (Эссе) Ата Журт – деген сөздүн өзүн эстегенде, эчаккы өткөн бир учур эске түшөт. Ошол жылдары тагдыр мени Жер Ортолук деңиздин жээгине чейин сүрүп барып таштаган эле… Ал учурда тамырымды тартып, сырымды сураган жалгыз гана “күрп-шарп” эткен деңиздин толкуну болчу. Толкунга гана айтчумун сырымды. Ал менин ырымды угуп, ыйымды түшүнчү. * * * Көкүрөккө толгон бугумду деңизге төкчүмүн. Ата-бабам көрбөгөн алыскы жерде жүрүп, кайсы бир күнү онтобой туруп катуу жыгылганым эсимде. Таңды-кеч төшөк тартып жатып жаман ойлор жабышканда, Кудайдан тилегеним бир гана нерсе болгон. Эмнеси болсо да өз элиме толугу менен…..