Аксыда Ниязалы Борош уулунун 165, Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда комузчу Ниязалы Борош уулунун 165, КР Баатыры, жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы өтүп жатат. Бул мааракелик салтанатка КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, КР Эл акындары Төлөгөн Мамеев, Сагын Акматбекова, Тазагүл Закирова, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тынчтыкбек Нурманбетов, “Янги Овоз” тарыхчылар жана жазуучулар коомунун төрагасы Жолдошбек Моңолдоров катышууда. Ниязалы Борошев 1856-жылы азыркы Жалал-Абад облустунун Аксы райондагы кичи Ак-Жол кыштагында төрөлгөн. Жомокчу, ырчы, комузчу Ниязалы Борош уулу Токтогулдун шакирти болгон. Ал комуз музыкасындагы кеңири өнүккөн айтым күүлөрдүн устаты катары элдик күүлөрдү чебер аткарган, ошондой эле толугу менен…..

Чыныгүл Анарбаева: Жөнөкөй кызганыч (аңгеме)

Арышың арымдуу болсун, Чыныгүл!! Эл ичинде таланттар жашай берет деген сөз туура экен. Эл кенч болот турбайбы. Жакында Кош-Дөбө айылындагы Темиркул Мавлянов атындагы орто мектепке барып калсам Чыныгүл Анарбаева деген мугалим мага келип жолугуп: -Сизге жетпей жүргөм, чыгармаларым бар эле, көрүп бербейсизби,- деп жупкадай бир дептер берди. Окуп көрсөм Чыныгүл чын эле таланттуу инсан экен. Чыныгүлдүн жаңы жазган чыгармаларын сиздерге сунуш кылып коюуну туура таптым. Окурмандан өткөн сынчы жок, мына өзүңүз карап көрүңүз. Жакса ак батаңызды ыроолоп коюңуз урматтуу окурман. Ал эми Чыныгүлгө айтарым арышың арымдуу болсун!! Абдымомун Калбаев, акын. толугу менен…..

Аксы районунун Ак Жол айылындагы маданият үйүнө Зайырбек Ажыматовдун ысымы берилет

Аксы районунун Ак Жол айылындагы маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун ысымы берилет. Мындай чечим 19-майда Ак Жол айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Айтыш” коомдук фонду жана “Аксы жаштар биримдиги” коомдук фонду акындын атын түбөлүккө калтыруу максатында өзү туулуп өскөн Ак Жол айылындагы маданият үйүнө ысымын ыйгаруу сунушу менен кайрылган. Адабиятчы Улан Турдалиевдин демилгеси менен сунушталган кайрылуубузду колдоп бергендиги үчүн айыл башчысы Мырзагулов Бердалы Жумабековичке, айылдык кеңештин төрагасы Батыралиев Темиркул толугу менен…..