Амангелди Мисиров: Тарбия издеген бала

Тарбия издеген бала Качан экенин ким билсин. Мындай бир окуя айтылып келет. Узак жолдо үч жолоочу бири-бирине кезигип калып бирге жол тартышат. Анын бирөөсү чачы агарып улгайып бара жаткан адам, экинчиси кермурут жигит эле. Үчүнчүсү болсо алардан бир топ жашы кичүү кичинекей бала экен. Жолдо баратып тиги эки киши бирдемелерди жашырып, шыбырашып сүйлөшө башташат. Бала алардын сөзүнө кулак түрбөй тез–тез алдыга басып кетет. Бир топ жол жүргөндөн кийин тиги экөө жол боюндагы жалгыз үйдүн ээсин чакырып, эшигин чертип көрүп, эч ким жооп бербеген үйгө кирип кетишет. Бала болсо аларды карагысы толугу менен…..