Токтосун Самудинов: Пародиялар

Кереметтүү керебет Жатса бала ыйлабайт, Жамбаш талып кыйнабайт. Ойдогудай таптаза, Ороо-чулгоо булгабайт. Муса Жангазиев   Көргөн сайын күлчүмүн, Кимдики? – деп жүрчүмүн. Карап алып таңгалам, Үч литрлик күлтүгүн.   Азыркылар көрө элек, Бул да өзүнчө керемет. Бешик эмес тим эле, Варшавский керебет.   Мейли жайда, кышында, Эч нерсе жок тышында. Шимеги бар шишедей, Маселеси ушунда.   Таңып салсаң туйлабайт, Караманча кыйнабайт. Көрсөтүп кой муштумду, Коркконунан ыйлабайт.   Кара жанын жебесин, Жалган айтат дебесин. Бул бешикке анткени, Жатыптырмын мен өзүм.   Массалык мас Көл да мас, деңиз да мас, талаа да толугу менен…..