Мукагали Макатаев: Сыйын маган, Эй, өмүр, сыйын маган, Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган!

Музага Отурганын карачы эргүүм келбей, Кайда кеттиң? О, Муза! Куюн желдей. Оозумду ачсам өпкөмдөн жел үңүлдөп, Каңгыраган ээсиз тегирмендей. Муздатат жанымды ээ-жаа бербей. Жел үңүлдөйт, желпинип, керип көөдөн, Эргүүм келбей отурам эмнеге мен?! О, Муза! Кайдасың сен ээликтирген? Жалын менен отко гана эрк берген, Шеригим, кайдасың сен, мен ишенген? Дептер жатат барагы ачыла албай, Ачылбастан чын эле калганыбы-ай! Ойлор жатат эңсемди бир көтөртпөй, Тонна-тонна коргошун салмагындай. О, Муза! Убарага мынчалык салганың-ай! Үмүттөнүп күтөмүн сенден жигер, Берээр болсоң, бийиктик, тереңдик бер! О, Муза! Маган узак жолуңду бер! Кайыптан кел да, мени толугу менен…..