Маркабай Ааматов: Ишеним туубуз болбой махабатта, Ишенбей турган чагың өкүндүрөт

***** Зуу коюп качкан куштай жыргал учат, Өмүрдү коштоп алган жылдар учат. “Жазуучу” дачасында күн кечирем – Теректер бийге түшүп ыргалышат!   Кашка-Суу күндүр-түндүр шаркыраган, Сезимди тартуулады жаркыраган. Кызганам аны булгап албайын деп Кыпчылып кепке-сөзгө ар кыл адам.   Ойлоном келечектин жагдайын да, Алынча өтүп турмуш, ал жайым да. Тигине, Ата-Бейит көрүстөнү – Айтматов уктап жатат маңдайымда!   Буйруса тоо койнунда калуу бактым, Мында өтөр кайгы күбөөр бар убактым. Эргисе эрөөн-төрөн албагыла – Торгойдой бир баласы табияттын.   Чалкаят ак жамынып аска-тоолор, О, тагдыр эртең жолум башка болор. Эмнени тартуулайсың, толугу менен…..