Мезгил Исатов: Бир башкача күн

Бир башкача күн (новелла) Тоголок дүйнө— Токтобой томолонот Тоголок көздө. Уйкусураган булуттар таңды жүктөп келатты. Көз ирмемде көтөргөн жүгү кулап, чачыла берди. Нур төгүп келаткан таң төрөлө элек сүрөтчүнүн эң белгилүү сүрөтүнүн сырын ачты. Ар нерсенин соңу сыяктуу. Кош бойлуу келиндин курсагындагы баласы ойгонду. Таң заарлап дагы бир күндүн эшигин ачтым. Жаңы күн башталды. Апапак барак сыяктуу. Бир жолдун уланышы. Амандык сурашым керек бул күндөн. Бул жолдордон. Улуулуктан. Эмнегедир кечээкиден башкачамын. Кечигүүнү күтүп отурам. Ак жарык ичинде. Мезгилдин үнү угулат, шашып бараткан шамалдагы. Эски бир обондой, өзүнөн өзү эле ырдалып толугу менен…..

Э.Эрматов атындагы III республикалык фестиваль Талас шаарында өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгына карата жаш калемгерлердин Э.Эрматов атындагы республикалык III фестивалы Талас шаарында өтөт. Фестивалга катышуучуларды калыстар курамы конкурстук негизде тандап алат. Аталган фестиваль “Э.Эрматов” атындагы коомдук фонду тарабынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун колдоосу менен 2017-жылдан бери эки жылда бир уюштурулуп келет.

“5 акын” теледолбооруна жандуу күйөрман болуңуздар

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип “Беш акын” теледолбоорунун экинчи көсөтүүсүн эфирге алып чыгат. “Беш акын” теледолбоору – жазма акындардын жарышы. Теледолбоордун бул жолку кечесине акындар – Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Мейликан Тайполотова, Абдижалил Бетегеев жана Динар Мамбетакунова катышат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 11-майында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК

Улуу Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калемдештер! Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим! Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер, силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздер баатырдык, эр жүрөктүүлүк, кайратмандык менен алып берген жеңишти кийинки муунга сыймыктануу менен айта жүрүү биздин башкы милдетибиз. Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, андай алаамат согуш эч качан кайталанбасын. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, дүйнө толугу менен…..

Каниет Орозбеков: “Жакса экен” деп келип кезигүүгө, “Жаксам экен” деп тилеп кайырлаштым

Каалабасаң Өтүмдү ал, көзүмдү да оюп сал, Өпкөмдү үзүп, баштан ары коюп кал! Бүгүн бөлөк пери менен кезиктим, Күчүң жетсе мына турам, союп сал!   Өзүңдөн көр чакырганда келбеген, Өчпөй жүрөк согуп турса дембе-дем. Дагы далай перилерге жолугам, Дат басууга келипминби эмне мен?!   Сен мылтыксың, мен бутамын. Бутаны ат! Сен түтөсөң ал жалбырттап тутанат. Билесиңби, сен көгөртө чымчыган Булчуңумду ал кыз койду укалап.   Каршы эмесмин атаандашсаң бар, жөнө! Кайып болот жаз келгенде кар деле. Эрин өптүм балдан дагы тап-таттуу, Эрдиң сенин эмне эле..? Бал беле..?   Көпкө турдук толугу менен…..

Майрамкан Абылкасымова: Кайсы жерде жүдөө күтсө зайыпты, Ошол элдин уулуна кой айыпты

Көрдүңөрбү Нугун бузуп кеткен экен таш кулап, Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак. Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп, Томурайып камышы жок саз турат.   Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле, Алар дагы келбей калган көрүнөт. Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге, Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк. Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты, Энелери элечегин тарталбай. Ошол элдин уулуна кой айыпты, Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай. Дайым Сени дайым аман көрөм дечүмүн, Баягыдай желбиреген жоолукчан. Оңу келбей отурабы сөзүмүн, Абалыбыз бирдей окшойт оорукчан. Жаз кечикпей келет деген үмүт бар, Учурашам эң биринчи тал менен. Көкүрөктө анча-мынча бүлүк толугу менен…..