Жакыпбек Абдылдаев: Эгерде күлкү сатылса… (сатира)

Эгерде күлкү сатылса Эгерде күлкү сатылса, Сараңдар дайым түнт жүрмөк. «Бекерге акчам кетти» – деп, Беш мүнөт сайын үшкүрмөк.   Эгерде күлкү сатылса, Билишпей эмне кыларды. «Белек кылып бербейт» – деп, Ач көздөр тартмак убайды.   Эгерде күлкү сатылса, Ажаандар бизди урушмак. «Нанбы, – деп, – күлкүң жегидей?» Намыска тийип турушмак.   Эгерде күлкү сатылса, Капчыкты кагып кош колдоп. Азыркы тартыш маалда, Алуучусу жок болмок.   «Кабагын ачып жүрсүн» – деп, «Каткырып бир аз күлсүн» – деп. Бюрократка тултуйган, Бекер берчү күлкүм көп.   Мурч кошуп берем сараңга, Туз кошуп толугу менен…..

Кыял Тажиеванын “Үн” аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кыял Тажиеванын “Үн” аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү. Китеп жалпы окурмандарга сунушталат. Тажиева Кыял Кенжебековна 1983-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылында туулган. 2000-жылы А.Идинов атындагы орто мектепти аяктап, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетине тапшырган. 2005-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган. 2006-2009-жылдары Улуттук китеп палатасында жетектөөчү адис, 2009-2015-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетинде жана ПКМДИде окутуучу болуп эмгектенген. 2019-жылы Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. 2001-жылы “Нурборбор” чыгармачыл жаштардын бирикмесине мүчө болуп кирип, чыгармачылыкка аралашып, ыр жаза баштаган. “Сырдуу толугу менен…..

Кармышак Ташбаев: Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган жердин мелмилдеген түздөрү

Заман жана Ата-Журт Унутулбайт өткөн доордун издери… Ушул күндөр буйрук кылсын бизге эми. Заманыбыз – бизге дарак мөмөлүү, Бүт жемиши бышып турган күздөгү. Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган Жердин мелмилдеген түздөрү.   Арбын болуп, артып улам байлыгы, Бар бол, элим! Билбейли биз кайгыны?! Турсун дайым тууган жерден угулуп, Түгөнбөгөн күүлөрүнүн кайрыгы. Бүт ааламга тарай берсин түбөлүк, дүңгүрөгөн Ата-Журттун айдыңы!   Биздин тарых Биз минген чобурлардын бели талып, Келдик биз эң алыстан чарчап-арып… Биздин из – Кылымдардын ар жагында, Доорлордун түпкүрүндө биздин тарых.   Көрүнбөйт биз арыткан жолдун учу, Кабарган жылаңаяк толугу менен…..

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар, Урматтуу калемдештер, Мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Рамазан айында, орозо айтта адам баласы бири-бирин кечирип, жакшы тилек менен бири экинчисинин үйүнө конокко барып, жакшы каалоолорун айтып, “айт маарек болсун” деп, айттап келишкен. Элибиздин эзелтен келе жаткан бул салты ар дайым биримдикте, ынтымакта болууга үндөп келет. Мындай улуу күндө элибизге тынччылык, берекеси төгүлгөн бейпилчилик, ынтымак каалайбыз. Ылайым элибиз, жерибиз ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс болсун. Айтыңыздар маарек болсун! КРУЖС Башкармалыгы

“5 акын” теледолбоорунун 3-көрсөтүүсү жыйынтыкталды

Түрк тилдүү элдердин “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму, КР Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип өткөрүп жаткан “5 акын” теледолбоорунун үчүнчү айлампасы соңуна чыкты. Бул жолку катышуучулар Манас Алымбаев, Алиман Абдыкеримова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Жыпара Арыковалар болушту. Бардык акындардын даярдыгы мыкты болуп, активдүү катышкандыктан, жеңүүчүнү аныктоо кыйынчылык жаратты. Калыстар тобу ар бир акын жазган ырлары боюнча бири-биринен айырмаланган, оригиналдуу таланттар экендигин баса белгилешип, жыйынтыгында Жыпара Арыкова жеңүүчү болду. “5 акын” теледолбоорунун үчүнчү жеңүүчүсү болгон Ж.Арыкованы чын дилден куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.  

Жанара Мамадалиева: Билген жанга бакыт ушул өмүрдө, Балам – шаарым, балам болуп майрамым 

Акын жана тележурналист Жанара Мамадалиева мындан 15 жыл мурда жарык көргөн алгачкы ыр жыйнагы менен поэзиянын эшигин батыл ачып, таланттуу калемгер катары таанылган. Анын ырларында аялдык ички табиятына жакын кыялкеч дүйнөсү, турмушту эстетикалык кабылдоосу, лирикалык санаркоолору окурманды кайдыгер калтырбайт. Жанаранын поэтикалык көркөмдүгү жогору жана чынчыл поэзиясында акыркы жылдары  эне-бала, үй-бүлө, жашоонун ак-карасы жөнүндө тема басымдуулук кылууда. Дүйнөнү аялдын көзү менен караган акындын басмырт, ошол эле учурда мааниси терең ырларынан сунуштайбыз. Атама (атам Маманга арноо) Сенин барың кандай жакшы, атаке, Сен мен үчүн дүйнөдөгү жакшы адам. Жүрөгүңө мээримге мол Күн түнөп, толугу менен…..

“Беш акын” теледолбоорунун экинчи жеңүүчүсү аныкталды

КР Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан уюштурулган “5 акын” теледолбоорунун 2-көрсөтүүсү жыйынтыкталды. Долбоорго катышкан беш акындын ичинен калыстар тобунун чечими менен акын, журналист Атахан Кожогулов жеңүүчү болду. Катышуучуларга беш талап коюлган: 1. Эки ырын көркөм окуп берүү, 2. Автордун калемине таандык обондуу ыр аткаруу, 3. Түрк тилдүү элдердин акындарынын биринин ырын тапшырма боюнча которуп келүү, 4. акындыктан тышкары таланты менен тааныштыруу, 5. КРУЖС тарабынан даярдалган суроолорго жооп берүү жана эч жерде жарыяланбаган жаңы ырын окуу. Бул жолку көрсөтүүдө толугу менен…..

Балдар адабияты сыйлыгынын лауреаттары сыйланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы төмөнкү сыйлык ээлерине 50 000 (элүү миң) сомдон ыйгарылды: – Наматов Аман Наматовичке – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн» номинациясында «Гүлчечекей кулунчак» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн; – Ырысбай Абдыраимовго – «Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн» номинациясында «Түбөлүктүү чеп» аттуу чыгармалар жыйнагы үчүн; – Сатыбалды Мамбеталиевге – «Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн» номинациясында «Керемет жомоктор» толугу менен…..

Кожогелди Култегин: “Алайкунун кымызын Анкарада ичсең бар-рбы…”

“Алайкунун кымызын Анкарада ичсең бар-рбы…” -Кожогелди мырза, маегибизди жакшы жаңылыктан баштасак. Кечээ жакында Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театры “Шыпыргы өмүр” аттуу поэмаңдын негизинде спектакль коюп, ага Анкарадан ат арытып барып, өзүң катышканыңды окудук. Сурайын дегеним, адамга бир гана жолу берилүүчү өмүр – “асыл өмүр”, “баа жеткис өмүр”, “кымбат өмүр” деп сыпатталчу эле. Сен аны “шыпыргы өмүр” деп паска урганыңдын себеби эмнеде? -Оболу мен акын катары Туу менен Шыпыргыда кандайдыр бир окшоштук ассоциациясы, ошол эле кезде кандайдыр бир каршылаштык ассоциациясы бар экенин байкаган элем. Туу бийикке, көккө толугу менен…..

“5 акын” теледолбоору эки күн катары менен өтөт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата КР Улуттук жазуучулар союзу, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюму жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштуруп жаткан “Беш акын” теледолбоорунун экинчи жана үчүнчү көрсөтүүлөрү шартка байланыштуу 11-12-май күндөрү катары менен тартылат. 12-май күнү өтө турчу кечеде акындар – Жыпара Арыкова, Жыргалбек Алымжан уулу, Максуда Ормонова, Манас Алымбаев жана Алиман Абдыкеримовалар өз таланттарын тартуулашат. Кече коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында саат 15:00дө башталат. Келип, адабий-музыкалуу кеченин күйөрманы болуңуз. ТҮРКСОЙ, КРУЖС, КТРК