Өмүркул Кулумбаев: Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр, Эй табият, анда жашым гүлгө бер

Күлүк келет Күлүк келет төрт аягы соруп жер, Күү-шаа түшөт тогуз баллда согуп жел. Күйгөн таштар туягында быркырап, Кымкаарланат кирпигине тоңуп тер. Күлүк келет кирген суудай күрпүлдөп, Куйрук-жалы куюн болуп сур түрмөк. Дабышына кулак-башы жарылып, Далы тосот улуу тоолор диртилдеп. Күлүк кызуу, кош кулагын жапырып, Көбүк “бурт-бурт” оозу кулач ачылып. Куукулаган элдин үнү кырчада, Сом камчыдай соорусуна басылып. Күлүк келет койгон жерге чектелип, Кош өпкөсү — куш канаты кейптенип. Ак жоолугун бек байланган боз бала, Ат үстүндө ал да барчын көздөнүп! Изде мени Изде мени жылкычыдан, койчудан, Пахтачыдан колу тынбай толугу менен…..