Жакыпбек Абдылдаев: Эгерде күлкү сатылса… (сатира)

Эгерде күлкү сатылса Эгерде күлкү сатылса, Сараңдар дайым түнт жүрмөк. «Бекерге акчам кетти» – деп, Беш мүнөт сайын үшкүрмөк.   Эгерде күлкү сатылса, Билишпей эмне кыларды. «Белек кылып бербейт» – деп, Ач көздөр тартмак убайды.   Эгерде күлкү сатылса, Ажаандар бизди урушмак. «Нанбы, – деп, – күлкүң жегидей?» Намыска тийип турушмак.   Эгерде күлкү сатылса, Капчыкты кагып кош колдоп. Азыркы тартыш маалда, Алуучусу жок болмок.   «Кабагын ачып жүрсүн» – деп, «Каткырып бир аз күлсүн» – деп. Бюрократка тултуйган, Бекер берчү күлкүм көп.   Мурч кошуп берем сараңга, Туз кошуп толугу менен…..