Жаш калемгер М.Матназаровдун “Бай бала” жомок китеби жарык көрдү

Жаш калемгер Марлэн Матназаровдун кенже балдар үчүн жазылган “Бай бала” аталышындагы жомоктор жыйнагы жарык көрдү. Аталган китепке улуттук колориттеги иллюстрациялар камтылган жана коммерциялык максатта сатууга коюлат. Китептин редактору: балдар акыны, жомокчу, энциклопедист 20дан ашуун китептин автору Ысмайыл Кадыров. Сүрөтчүсү: “Tart” жаш сүрөтчүлөр уюшмасынын мүчөсү Мар Амандыков. Китептин 1000 нускада чыгуусуна жеке ишкерлер демөөрчүлүк кылышкан. Жомоктор жыйнагы Бишкек, Ош шаарларындагы китеп дүкөндөрүнө таратылат жана башка конкурстук иш-чаралар өткөрүлөт. Автор китептерден түшкөн акчаны чогултуп, улуттук баалуулукту чагылдырган мультфильм тартууну ниет кылат. Марлэн Матназаров 23 жашта. Учурда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин юриспруденция тармагында толугу менен…..

Т.Жолдубаевдин “Башарат түш” китебинин бет ачары өттү

Бүгүн Кыргыз Туусу редакциясынын жыйындар залында жазуучу Темирбек Жолдубаевдин “Башарат түш” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Аталган кечеге КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акыны К.Бакиров, жазуучу, котормочу, драматург А.Абдылдаева, адабиятчы Р.Эшматов, филология илимдеринин доктору, профессор Г.Сооронкулов, жазуучу Ж.Токтогазиев, кинорежиссер Т.Бирназаров ж.б. акын-жазуучулар, автордун кесиптештери, үй-бүлөсү, жакын санаалаштары катышты. КРУЖС төрагасынын орун басары К.Кадыракунов модератор болду. А.Абдылдаева “Өсө турган эл өз тарыхын унутпайт” деген аталышта адабий көз караштагы мазмундуу ой толгоолору менен бөлүштү. Ал эми китепке редакторлук кылган жазуучу Ж.Токтогазиев “Башарат түштүн башаты” аттуу кызыктуу баяндама жасады. КР Улуттук илимдер толугу менен…..