Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы корпусунда филология илимдеринин доктору, акын Аида Эгембердиеванын “Үнсүз кайрыктар” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Аталган университеттин Ректору А.Абдраеванын демилгеси менен уюштурулган кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл акындары С.Акматбекова, К.Култегин, Т.Нурманбетов, КР Эл жазуучусу А.Жакшылыков баштаган акын-жазуучулар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер, поэзия күйөрмандары катышты. Кечеде автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды. Иш-чаранын катышуучулары акындын чыгармачылыгы боюнча кеңири сөз кылышты.

“Ыр өмүр” поэзия-муза кечеси жогорку деңгээлде жыйынтыкталды

КР Улуттук жазуучулар союзу, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Жигер” чыгармачылык борбору, “Сонун го” китеп дүкөнү биргеликте уюштурган “Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечеси жогорку деңгээлде болуп өттү. Т.Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрынын 90% ээлеген күйөрмандар акындардын керемет ырларын угуп, жандуу музыкага термелип, сахналык көрүнүштөргө муюп, чыныгы поэзиянын ырахатын туюп, эс алып кайтышты. С.Акматбекова, К.Бакиров, Ж.Исабаева, Р.Исаков, А.Исмаилов, Н.Өмүрбаева, Б.Келдибаев, М.Жангазиев, Б.Нурлан кызы, М.Жумадилова, А.Кудайберди кызы, С.Турдубек уулу – жалпы 12 акын келген күйөрмандарга ырларын окуп беришип, Э.Жумабек уулу, А.Абдыкалыкова, Б.Алмабеков, Б.Кубанычбек уулу, Т.Колдошов, А.Рыспай уулу, Т.Токомбаев, А.Батырбековдор кечени толугу менен…..

Улуу жеңиш күнүңүздөр кут болсун!

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калемдештер! Бүгүн, 9-май Жениш күнү менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим кылуу менен Улуу Жеңиш майрамы кут болсун демекчибиз. Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Эрдигиңерди эч качан унутпайбыз! Улуу согуш өчүрө албаган демиңерди, алалбаган өмүрүңөрдү убакыт уурдап жыл өткөн сайын катарыңар суюлуп барат. Андыктан көзү тирүүлөргө сый урмат көрсөтүп, көзү толугу менен…..

Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу калемдештер, Урматтуу мекендештер, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз! Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгына 30 жыл толду. Баш мыйзам өз алдынча мамлекет болуп түптөлгөн өлкөбүздүн ыйык белгиси. Кыргыз Республикасынын герби, туусу, мамлекеттик гимни, улуттук валютасы Конституция менен бекитилген. Элдин биримдигинин, өлкөнүн көз карандысыздыгы менен мамлекеттин бүтүндүгүнүн, коомдун өнүгүүсүнүн, өлкөбуздүн демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык тирегинин калыптанышынын негизи дал ушул Конституция болуп саналат. Эгемендүү өлкөбүздө эркин жашап, эркин ой жүгүртүүбүзгө, калемди эркин шилтеп, чыгармачылыкты эркин өркүндөтүүбүзгө дал ушул башмыйзамыбыз өбөлгө. Гүлдөгөн өлкөнүн ийгиликтери чыгармалар аркылуу даңазалана берсин! Майрамыңыздар толугу менен…..

Балдар үчүн китептерди иштеп чыгууга салым кошкондор сыйланды

Балдар үчүн 1300дөн ашуун китептерди иштеп чыгууга салым кошкон жергиликтүү авторлор жана иллюстраторлор сыйланышты Кечээ, 27-апрелде 60тан ашуун жергиликтүү авторлор жана балдар үчүн 1300дөн ашуун балдар китептерин иштеп чыгууга кошкон салымы үчүн 30 иллюстратор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен ыраазычылык каттарды алышты. Бул китептер АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) каржылаган “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында адаптацияланып жаңыдан иштелип чыкты. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган бул иш-чарада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилинин өкүлү толугу менен…..

Балдар жазуучусу Жылдыз Акаеванын “Асан менен Үсөн” аттуу китебинин бет ачары өттү

К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында балдар жазуучусу, Тоголок Молдо сыйлыгынын лауреаты  Бек Жылдыздын (Жылдыз Акаева) “Асан менен Үсөн” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Эл акыны Н.Жаркынбаев, балдар жазуучулары Ы.Кадыров, Б.Абдухамидова жана мектеп окуучулары катышты. Мектеп окуучуларына “Асан менен Үсөн” китебинен үзүндү окулуп, китеп тууралуу балдар өз түшүнүктөрүн айтып беришти. “Асан менен Үсөн” китебинин бет ачарын КР Улуттук жазуучулар союзу, К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы, Азия маданият өнүктүрүү борбору (Корея) уюштурду.

К.Кадыракуновдун “Закым” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын, котормочу КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракуновдун “Закым” китебинин бет ачары болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков алып баруучулук кылган кечеге КР Эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, КР Эл акындары К.Култегин, М.Мамазаирова, Н.Жаркынбаев, О.Ибраимов, К.Коңкобаев, Л.Үкүбаева, Б.Асаналиев, М.Төлөмүшев ж.б. акын-жазуучулар катышты. Иш чарада адабиятчы, академик О.Ибраимов, филология илимдеринин доктору А.Эгембердиева, адабиятчы Б.Таштаналиевдер К.Кадыракуновдун чыгармачылыгы боюнча баяндама жасап, акын-жазуучулар “Закым” китеби боюнча пикирлерин айтышты. Студенттер тарабынан автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары ырдалды.

Жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” китебинин бет ачары өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде жазуучу Бейшенбай Усубалиевдин “Зоока” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Китептин бет ачарына акын-жазуучулар, адабиятчылар, мамлекеттик жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү, ишкерлер катышты. Усубалиев Бейшенбай Нарын районунун Оттук айылында 1954-жылдын 9-декабрында туулган. 1971-жылы Оттук орто мектебин бүтүрүп, 1971-1972-жж. Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген. 1977-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. 1972-1979-жж. ушул эле университеттин кыргыз тил илими кафедрасында улук лаборант, саатчы-окутуучу болуп эмгектенген. 1980-1982-жж. Кыргыз улуттук университетинин аспирантурасында окуп, 1983-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон. 1983-1989-жж. «Мектеп» басмасында редактор, улук редактор, 1989-1990-жж. Кыргыз толугу менен…..

Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси өттү

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Мезгил канатындагы поэзия” аттуу адабий-поэтикалык кечеси, “Бата жана каргыш” китебинин бет ачары болуп өттү. Иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, С.Кайыпов, М.Мамазаирова, А.Медетов, С.Алахан, А.Алымбаев, Ж.Саалаев, окуу жайдын студенттери катышты. Адабий-поэтикалык кечени акын Атахан Кожогулов алып барды. Ж.Мамытов, К.Сабыров атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты Ө.Тиллебаевдин адабий кечесине катышкан меймандар автордун чыгармачылыгы тууралуу кенен сөз кылып, ырлары окулду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев акынга Абай сыйлыгын ыйгарды.

Айтыңыздар маарек болсун!

Урматтуу мусулмандар, Урматтуу калемдештер, Мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз! Рамазан айында, орозо айтта адам баласы бири-бирин кечирип, жакшы тилек менен бири экинчисинин үйүнө конокко барып, жакшы каалоолорун айтып, “айт маарек болсун” деп, айттап келишкен. Элибиздин эзелтен келе жаткан бул салты ар дайым биримдикте, ынтымакта болууга үндөп келет. Мындай улуу күндө элибизге тынччылык, берекеси төгүлгөн бейпилчилик, ынтымак каалайбыз. Ылайым элибиз, жерибиз ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс болсун. Айтыңыздар маарек болсун! КРУЖС Башкармалыгы