Тайир Аширбай: Акын Эгемберди Эрматовдун эпикалык мурасы

Акын Эгемберди Эрматовдун эпикалык мурасы Көрүнүктүү акын Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” аттуу дастанын ушул кылымдын башында окуп чыгып, Баткен облусунун “Баткен Таңы” гезитине макала жазган элем (2002-жыл, 22-сентябрь, №34, 8-б.). Эмесе, аталган көркөм чыгарма жөнүндөгү чакан ой-пикиримди сиздер менен дагы бир ирет орток бөлүшөйүн. Автор жалпы түрк тилдүү элдердин адабиятында гана эмес, бүтүндөй мусулман журтчулугунун маданий тарыхында биринчи болуп, Мухаммед пайгамбарга арнап, абдан чоң масштабдагы адабий эмгекти жазды. Дастан китеп түрүндө эң алгач 2001-жылы жарык көрдү. Бул эпикалык туунду 11676 (он бир миң алты жүз жетимиш алты) ыр саптан турат. толугу менен…..

Ризван Исмаилова: Башың жетсе булутка, түп-тегиңди унутпа (Жазуучу А.Койчиевдин романын окугандан кийинки ойлор)

Башың жетсе булутка, түп-тегиңди унутпа (Жазуучу А.Койчиевдин романын окугандан кийинки ойлор) Эсимде, биз советтик мектепте окуп жүргөн кезде тарых сабагынан берген маркум А.Иминжанов агайыбыз Чынгыз хандын согуштагы жортуулдарын айтып келатып, “эң каардуу, жеткен мыкаачы аскер башчысы кезектеги чабуулдарында кош бойлуу аялдардын ичин жарып, жаш балдарды чатынан айрып туруп, жүрөгүн сууруп алган” дегенде, сөздөрү көпкө чейин жадыман чыкпай, элестетип алып, кыйлага үрөйүм учкан. Кийин институтта окуп жүргөндө, В.Яндын “Чынгыз хан” романын окуп, бир беткей берилген баанын чын-төгүнүн айырмалай баштагам. Дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн монгол императорунун тегин, ата-жотосунан бери изилдеп, анын өзү жана толугу менен…..

Али Турдугулов: “Азаптын элүүнчү ырынан” “Ыр дөөлөткө” карай…

“Азаптын элүүнчү ырынан” “Ыр дөөлөткө” карай… (Акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун поэзиясына дагы бир ирет саресеп салганда) Мындан беш-алты жыл илгери акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун жаңы эле басмадан жарык көргөн ырлар жыйнагына карата кенен пикир жазып, “Кыргыз Туусу” гезитине жарыялаган элем. Андан бери арадан бир нече жыл убакыт өтүп, акын окурманына жаңы ыр жыйнагын тартуулап олтурат. Мунусун автор “Ыр Дөөлөт” деп атап, көлөмү жагынан да, андагы ырлардын сапаты жагынан да, тематиканын ар кылдыгы жагынан да, деги кайсыл тарабынан салыштырып караба, тереңдиги, кенендиги боюнча улам алгалап өскөнүн, өркүндөгөнүн көрүүгө болот. Токтоп калуу да эмес, артка толугу менен…..

Чоюн Өмүралиев: Көлчүктөн Айды көргөн жазуучу

Көлчүктөн Айды көргөн жазуучу Жазма адабиятыбыздын залкарларынын кийинкилери Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Шабданбай Абдыраманов, Сагын Өмүрбаев окшогон жазуучуларыбыздан улам 60-жылдары кыргыз адабиятынын дүркүрөп өскөнү баарыга маалым. Ал кыргыз адабиятында гана эмес бүтүндөй Совет адабиятында орчундуу мерчем болгон. Алардын соңунан Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Ашым Жакыпбеков жана башка калемгерлер удаама-удаа, жарышып чыга келишкен. Алардын кийин чоң проза суюлуп барат, ал жүктү көтөрүп кетер жаңы калемгерлер чыгабы деген түкшүмөл суроо мага дайыма келер эле. Проза – турмуш менен келчү оокат экен. Оомал-төкмөлүү замандагы окуяларды чагылдырып, алар адамдарды акылгөйлүккө жетилтип, ойго салган чоң толугу менен…..

Меңди Мамазаированын “Аймаран” романынын каармандары – азыркы замандын кишилери

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма Меңди Мамазаированын “Аймаран” романынын каармандары – азыркы замандын  кишилери Эң алды менен айтып коёюн, адабиятчы же сынчы болбосом да, романды окуган соң, окурман катары да, чыгармачыл адам катары да, кала берсе жазуучунун калемдеш-замандашы катары өз пикиримди жазууга белсендим. Улуттук адабиятыбыздын тарыхында бардык жанрда бирдей эмгектенген жазуучулар сейрек. Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова ошондой сейрек калемгерлердин катарына кирери баарыбызга белгилүү. Албетте, бир эле мезгилде акын, прозаик, драматург, публицист жана журналист болуу оңой эмес. Бирок, ушундай көп кырдуу чыгармачылыгынын ар бир тармагында айтарлык ийгиликтерге жетишип, улуттук толугу менен…..

Түмөнбай Колдошов: 1980-90-жылдардагы Айгүл Узакованын поэтикалык изденүүлөрү

1980-90-жылдардагы Айгүл Узакованын поэтикалык изденүүлөрү Искусствонун бардык тармагында өз мезгилинде “көзгө урунбай”, далдоо жерде же кайсы бир чоң таланттын көлөкөсүндө калып кеткен жаратмандар көп кездешет. Андай талант ээлери “өз учурун”, “мезгилин” күтүп жашайт, алардын “заманы” келгенде өздөрү жок болушат… Атак-даңкка жетип, бирок ырлары элге жетпеген канчалар жүрөт… Публикага чыкпай, мен дебей эле ырлары менен элдин жүрөгүн багындырган акындар бар. Айгүл Узакова экинчи топко кирген акындардын өкүлү, ал көлдөй терең, Ала-Тоодой бийик сезимдери менен жашап өттү. Жазганын милдет кылбай, ашкерелебей, жупуну жашоосу, акындык кыялы менен жашады. Ар ким өз тагдырынын королу! толугу менен…..

Миргүл Текешова: Айтматовдун ак жарыгы же сөздө кайра жаралуу жөнүндө

Бүгүн улуу жазуучу Ч.Айтматов дүйнө салган күн. Дүйнөгө атагы чыккан залкар жазуучуну эскерип, филология илимдеринин кандидаты, Айтматовтаануучу Текешова Миргүл Бакаиновнанын Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” роман трилогиясы боюнча жазган “Айтматовдун ак жарыгы же сөздө кайра жаралуу жөнүндө” аттуу пикирин окуп коюуну сунуш кылабыз. Айтматовдун ак жарыгы же сөздө кайра жаралуу жөнүндө Чыңгыз Айтматов жөнүндө роман жазылганын угуп, “Чагылгандын көз жашын” жазган, укмуштуудай аталыштарды ойлоп тапкан жазуучу Самсак Станалиевдин өзгөчө сырдуу аты бар романын таап, окуп чыгышым керек эле деп жүргөм. “Акжарыктын айыкпаган арманы” деп эстеп калыптырмын негедир. Атын укканда эле толугу менен…..

Садык Алахан: А.Жакыпбековдун “Теңири Манас” романы

Улуттук адабиятыбыздын ХХ кылымдын экинчи жарымындагы эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, албетте, Ашым Жакыпбеков. Бирок, көркөм мурасы эң аз изилденген калемгер да Ашым Жакыпбеков экендигин адилдик үчүн моюнга алганыбыз оң. Мына ушул кенемтени бир аз да болсо толтуруу максатында adabiyat.kg сайты Улуттук жазуучулар союзунун адабий-көркөм сын секциясынын башчысы Садык Алахан агайыбыздын макаласын өз окурмандарына тартуулайт. А.Жакыпбековдун “Теңири Манас” романы (маселенин хронологиялык жана теориялык аспектиси) Улуу сөздү прозага айландыруу жумушу ар кайсы багыттарда мээнет эткен чыгармачыл адамдар (адабиятчы-окумуштуулар, жазуучулар котормочулар,) тарабынан ишке ашырылып келди. Алардын эң көрүнүктүүлөрү, албетте, жазуучулар болуп эсептелет. Профессионал толугу менен…..

Садык Алахан: Талант жана бийлик

Бул макала элибиз жаңыдан эгемендикке ээ болуп, эркиндиктин аруу идеясы жүрөк-жүлүнүбүздү козгоп турган токсонунчу жылдардын так ортосунда жазылган болчу. Жыйнактар, гезиттер, ааламтордогу сайттар ар кандай аталыштар менен (айталы, “Адабий гезит” жумалыгы “Көзү оюлган Толубай жана анын тагдырлаштары” деген аталыш менен өз окурмандарына тартуулаган) жарыяланып келди. Бул макаласы үчүн кайрадан жылт этип жарык көрө калган айтылуу “Кыргызстан маданияты” жумалыгы 2002-жылы авторго экинчи ирет “Жылдын мыкты чыгармасы” сыйлыгын тартуулаган эле… Жазылганына чейрек кылым болгон бул макалада айтылган ойлор өткөн айда акка моюн сунушкан Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек Ажыматовдой эки таланттын тагдырынан кийин толугу менен…..

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата       

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата                            Эстелик сүйлөйт Баарыга белгилүү быйыл Улуу Ата-Мекендик – экинчи дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын, бүткүл дүйнө жүзүнө – адам баласына адам уулу алып келген тукум курутуучулуктун, бир улуттун экинчи бир улутка  жан чыдагыс кордук көрсөтүп, өз улутунун гана ашкере артыкчылыгын даңазалоого багытталган массалык түрдөгү кыргындын болуп өткөнүнөн бери 75 жыл болгону белгиленип жаткан учур. Эч ок-дары коротпой, атайын курулган концлагерлердеги тирүүлөй өрттөөнүн чукул арада ойлонуп табылышы, мончодо жууна тургандай болуп душтун суу толугу менен…..