Өмүркул Кулумбаев: Өлүм абзел, өмүр бүткөн күн келээр, Эй табият, анда жашым гүлгө бер

Күлүк келет Күлүк келет төрт аягы соруп жер, Күү-шаа түшөт тогуз баллда согуп жел. Күйгөн таштар туягында быркырап, Кымкаарланат кирпигине тоңуп тер. Күлүк келет кирген суудай күрпүлдөп, Куйрук-жалы куюн болуп сур түрмөк. Дабышына кулак-башы жарылып, Далы тосот улуу тоолор диртилдеп. Күлүк кызуу, кош кулагын жапырып, Көбүк “бурт-бурт” оозу кулач ачылып. Куукулаган элдин үнү кырчада, Сом камчыдай соорусуна басылып. Күлүк келет койгон жерге чектелип, Кош өпкөсү — куш канаты кейптенип. Ак жоолугун бек байланган боз бала, Ат үстүндө ал да барчын көздөнүп! Изде мени Изде мени жылкычыдан, койчудан, Пахтачыдан колу тынбай толугу менен…..

Жакыпбек Абдылдаев: Эгерде күлкү сатылса… (сатира)

Эгерде күлкү сатылса Эгерде күлкү сатылса, Сараңдар дайым түнт жүрмөк. «Бекерге акчам кетти» – деп, Беш мүнөт сайын үшкүрмөк.   Эгерде күлкү сатылса, Билишпей эмне кыларды. «Белек кылып бербейт» – деп, Ач көздөр тартмак убайды.   Эгерде күлкү сатылса, Ажаандар бизди урушмак. «Нанбы, – деп, – күлкүң жегидей?» Намыска тийип турушмак.   Эгерде күлкү сатылса, Капчыкты кагып кош колдоп. Азыркы тартыш маалда, Алуучусу жок болмок.   «Кабагын ачып жүрсүн» – деп, «Каткырып бир аз күлсүн» – деп. Бюрократка тултуйган, Бекер берчү күлкүм көп.   Мурч кошуп берем сараңга, Туз кошуп толугу менен…..

Кыял Тажиеванын “Үн” аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Кыял Тажиеванын “Үн” аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү. Китеп жалпы окурмандарга сунушталат. Тажиева Кыял Кенжебековна 1983-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылында туулган. 2000-жылы А.Идинов атындагы орто мектепти аяктап, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетине тапшырган. 2005-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган. 2006-2009-жылдары Улуттук китеп палатасында жетектөөчү адис, 2009-2015-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетинде жана ПКМДИде окутуучу болуп эмгектенген. 2019-жылы Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген. 2001-жылы “Нурборбор” чыгармачыл жаштардын бирикмесине мүчө болуп кирип, чыгармачылыкка аралашып, ыр жаза баштаган. “Сырдуу толугу менен…..

Кармышак Ташбаев: Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган жердин мелмилдеген түздөрү

Заман жана Ата-Журт Унутулбайт өткөн доордун издери… Ушул күндөр буйрук кылсын бизге эми. Заманыбыз – бизге дарак мөмөлүү, Бүт жемиши бышып турган күздөгү. Токчулуктун болуп турат заманы, Тууган Жердин мелмилдеген түздөрү.   Арбын болуп, артып улам байлыгы, Бар бол, элим! Билбейли биз кайгыны?! Турсун дайым тууган жерден угулуп, Түгөнбөгөн күүлөрүнүн кайрыгы. Бүт ааламга тарай берсин түбөлүк, дүңгүрөгөн Ата-Журттун айдыңы!   Биздин тарых Биз минген чобурлардын бели талып, Келдик биз эң алыстан чарчап-арып… Биздин из – Кылымдардын ар жагында, Доорлордун түпкүрүндө биздин тарых.   Көрүнбөйт биз арыткан жолдун учу, Кабарган жылаңаяк толугу менен…..

Жанара Мамадалиева: Билген жанга бакыт ушул өмүрдө, Балам – шаарым, балам болуп майрамым 

Акын жана тележурналист Жанара Мамадалиева мындан 15 жыл мурда жарык көргөн алгачкы ыр жыйнагы менен поэзиянын эшигин батыл ачып, таланттуу калемгер катары таанылган. Анын ырларында аялдык ички табиятына жакын кыялкеч дүйнөсү, турмушту эстетикалык кабылдоосу, лирикалык санаркоолору окурманды кайдыгер калтырбайт. Жанаранын поэтикалык көркөмдүгү жогору жана чынчыл поэзиясында акыркы жылдары  эне-бала, үй-бүлө, жашоонун ак-карасы жөнүндө тема басымдуулук кылууда. Дүйнөнү аялдын көзү менен караган акындын басмырт, ошол эле учурда мааниси терең ырларынан сунуштайбыз. Атама (атам Маманга арноо) Сенин барың кандай жакшы, атаке, Сен мен үчүн дүйнөдөгү жакшы адам. Жүрөгүңө мээримге мол Күн түнөп, толугу менен…..

Каниет Орозбеков: “Жакса экен” деп келип кезигүүгө, “Жаксам экен” деп тилеп кайырлаштым

Каалабасаң Өтүмдү ал, көзүмдү да оюп сал, Өпкөмдү үзүп, баштан ары коюп кал! Бүгүн бөлөк пери менен кезиктим, Күчүң жетсе мына турам, союп сал!   Өзүңдөн көр чакырганда келбеген, Өчпөй жүрөк согуп турса дембе-дем. Дагы далай перилерге жолугам, Дат басууга келипминби эмне мен?!   Сен мылтыксың, мен бутамын. Бутаны ат! Сен түтөсөң ал жалбырттап тутанат. Билесиңби, сен көгөртө чымчыган Булчуңумду ал кыз койду укалап.   Каршы эмесмин атаандашсаң бар, жөнө! Кайып болот жаз келгенде кар деле. Эрин өптүм балдан дагы тап-таттуу, Эрдиң сенин эмне эле..? Бал беле..?   Көпкө турдук толугу менен…..

Майрамкан Абылкасымова: Кайсы жерде жүдөө күтсө зайыпты, Ошол элдин уулуна кой айыпты

Көрдүңөрбү Нугун бузуп кеткен экен таш кулап, Көрдүңөрбү ушул жерден ак булак. Орду толбос дүнүйөдөй көрүнүп, Томурайып камышы жок саз турат.   Булут токтоп, туман токтоп кетчү эле, Алар дагы келбей калган көрүнөт. Ак кайыңды жыгышыптыр текчеге, Жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк. Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты, Энелери элечегин тарталбай. Ошол элдин уулуна кой айыпты, Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай. Дайым Сени дайым аман көрөм дечүмүн, Баягыдай желбиреген жоолукчан. Оңу келбей отурабы сөзүмүн, Абалыбыз бирдей окшойт оорукчан. Жаз кечикпей келет деген үмүт бар, Учурашам эң биринчи тал менен. Көкүрөктө анча-мынча бүлүк толугу менен…..

Бердибек Жамгырчиев: Эзелкидей тоо жаңыртып дүбүртүм, Келген душман айбатымдан түңүлсүн

Кыргыз жери – тирүүлүк бактысындай Тузагынан турмуштун чарчаганда, Карааныңа бой таштайм ээ, Мекеним! Өз уулдарың өйдө-ылдый калчаганда, Өзөгүңө дарт түшөр кээде сенин.   Эргүү берип жүрөккө эчен жолу, Өмүрүмө тирүүлүк отун жаккан. Кандай гана аруу жол – Мекен жолу, Дайым жарык, дайым шар тосулбастан.   Кыргыз жери тирүүлүк бактысындай, Чөйчөгүнө калкынын толуп турган. Кыргыз жери бейиштин ачкычындай, Түбөлүктүү жыргалга жолуктурган.   Ала-Тоодо төрт мезгил кулпурат жер, Кудай бизге бербептир бекер жерден. Үй-бүлөгө, элиме ынтымак бер, Мекенимдин ташындай бекемделген.   Ата журттун ачылган гүлдөрүндөй, Биздин кыздар көрк берет эл ичине. Жигиттери толугу менен…..

Калчоро Көкүлов: Мен адаммын, бүт дүйнөнү тепсеген, мен адаммын, ак-караны экчеген

***** Жолон акын күйүп турчу дүпүлдөп, Жолон-ырлар күлүп турчу бүчүрлөп. Эсил кайран эл ичинде жүргөндө, Эмдигиче далай ишти бүтүрмөк.   Кыял менен калчап турду кыйланы, Кызыл алтын ырлар болду жыйганы. Кырмызыдай каада куту төгүлүп, Кызгалдактай жайнап турчу ыйманы.   Кенен сүйлөп келечекке ишене, Келеп-келеп ыр жаратуу иши эле. Кыйын кезде акыл болчу кыргызга, Кыдыр мисал кызыгы мол киши эле.   Кайран жүрөк капилеттен токтоду, Калк кайгырып акын уулун жоктоду. Күкүк болуп ыр чакырган кайран жан, Күкүрт болуп күйүп кеткен окшоду.   Миң айрылып, миң сүрүлүп сөгүлдү, Миң чачылып, миң чайпалып толугу менен…..

Сагын Акматбекова: Келет ырлар. Келемин деп айттырбайт. Турсун белен кагаз менен калем сап.

Каалоо Эч жүгүм жок, эч ким да жок жанымда, Жөө-жалаңдап чыгып кетсем жер кезип. Кээде карда, кээде калып жамгырда, Келсем түркүн мезгилдерге кездешип. Жон шыбакка, гүлгө толуп ойдуңдар, Жолдош болуп ай коштосо асмандан. Жолдон алган бир үзүм нан койнумда, Суу болсо шар суусап келе жатканда. Арыбасам, сезим менен эсимди Ала келсем эч бир чаңга бастырбай. Кайраты мол, кайгысы жок кезиндей Какса жүрөк кабыргамдын астында. Каңтарылып деңиз чыкса жолдо шол, Калтаарбастан мен кайыгын айдасам. Түк өлбөсөм! Өлсөм бейит болбосом, Өксөп ыйлап балам жалгыз калбаса. Өлсөм, акса сан түрлүү доор, сан кылым… толугу менен…..