Зинакан Пасанова: Жаңы жыл жана жан кечти

Жаңы жыл жана жан кечти (аңгеме) Кечээ түнү жатарда унутуп өчүрбөй койгон уюлдук телефону таң заарлап күү чалды. «Nokiaнын» экранынан тааныш сандарды көргөндө Кымбаттын жүрөгү шуулдай түштү. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы чалып жатат. Дагы кайсыл жерде эмне болуп кетти экен?! Жаңы жылдын биринчи күнүндө таң эртелеп издегенине караганда жакшы кабар эмес. Түнү бою жаңы жыл тосуп, жамгырдай жааган майрамдык салют-фейерверктерден дүңгүрөп, коюу жана ачуу түтүнгө какаган шаар таңга маал гана тынчыган. Таң агара баштаганда ак кар жамынган дүйнө мемиреп жымжырт эле. Терезеден көпкөк тунук асман көрүнөт. Мындай аяздуу толугу менен…..

Максуда Ормонова: Эки кап алма

Эки кап алма Базарга барып, бир буюм сатып кѳргѳн жан эмес элем, эми кантээр экем. Тойго барганга кайненеме акча керек экен. Ал үчүн мен эртең алманы сатып, акча кылып келишим керек. Жолдошумдун Алма-Атага кеткенине жыйырма күндѳн ашып калды. Туугандардын тоюна келип калам деген эле, бирок кечикти. Энемдин айтканына каршы боло албадым. Эки чоң капка алманы салып, оозун бууп кайнагам даярдап койду. –Эрте менен беш жарымга машина келет, алма даяр, ѳзүм жүктѳп берем, – деп чыгып кетти. –Эне канчадан сатам? –Базардын баасын карап сата бер. Арзан берип жибербе. –Айназиктин тамактарын бул толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Жолдогу тагдырды жазган акын

Быйыл мыкты жаңы чыгармалардын авторлоруна ыйгарыла турган 2022-жылдагы “Алтын калем” сыйлыгынын поэзия номинациясындагы жеңүүчүсү акын Нарсулуу Гургубаева болду. Анын бул жеңишке жеткирген жаңы ырларын кийинчерээк талдап чыгып, өзүнчө сөз кыларбыз. Азыр акындын 2016-жылы жарык көрүп, окурмандардын көңүлүн өзүнө дароо бурган, анын акындык дараметинин деңгээлин таасын көрсөткөн “Алыстагы ак жарык” ыр жыйнагы тууралуу мурда жазылган макалабызды кайра толуктап сиздерге сунуштагыбыз келди. Бул макалабыз “Алтын калемге” татыктуу деп табылган Нарсулуу Гургубаеванын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн кайсы бир деңгээлде ачып берүүгө өбөлгө түзөр деген үмүттөбүз. Анда эмесе, аталган жыйнак тууралуу сөзүбүздү баштасак. Сөзгө алынган жыйнактын толугу менен…..

Абдыкерим Муратов: Түш кууган күн

Түш кууган күн Эгемали жанын сыйпалап зайыбынын ысык танаси колго урунбаганга чочуп кетти. Көзү пар ачылды. Акыры кырк жыл болду. Мындай болгон эмес. «Туруң, атасы, намаз убактысы болуп калды» дейт эле зайыбы ошол кырк жылдан бери. Мал издеп ойду – ой, тоону – тоо кыдырып, бутун тарта албай келгенде да, арапаликта ашка көп тоюп алып, ашказаны оо бир убакка чейин өйкөп чыкканда да, кар аралаш көмүр келип, шыбыргакта бир машина көмүрдү жалгыз өзү чаркардын бурчуна ташып чыкканда да – иши кылып качан болбосун, сааркы үрүл-бүрүлдө Алиймасы намазга ойготкондо ооналактап жата толугу менен…..

Рахат Аманова: Аа, ошону айтсаң, кемпир

Аа, ошону айтсаң, кемпир Калың дубалы терезелердин текчесинен баамга урунган эски үйдүн айнектери бууланып, оймоктой бөлмөнүн ичи кайнайт. Колго оңдуу үчүн малакай, тебетей, калпак, жоолук, кол капты коё салганга ыңгайлуу, майда- барат буюм- тайым коюлган текчелерге канча жылдан бери буу тамчылай берип, тактайынын боёгу өчүп калган. Айнек пардалардын кыймасы жипке өткөрүлүп, эки жагынан мыктарга байланган жерин көк басып, катып калган эле. Кемпирге гүлү жакпай бузулган крепдешин көйнөгүнөн тигилген кыска, окшош пардалар үч бөлмөдө көп жылдан бери тагылып турат. Жатарда таш көмүрдүн чогуна каланган көңдүн табынан темир меш дуулдап, үстүндө капкагы толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Шаризаттын ыры, тергөөчүнүн сүйүүсү жана Кымыевдин кармалышы

«Менин эстүү курбуларым» сериясынан «Менин эстүү курбуларым» сериясында окурмандарга бир катар аңгемелеримди сунуштап турмакчымын. Ал аңгемелерде эстүү аялдардын бөтөнчө окуялары тууралуу баяндалат. Шаризаттын ыры, тергөөчүнүн сүйүүсү жана Кымыевдин кармалышы  (Уу сөздөн көңүлү ооругандарга арналат.) Уюлдук телефондун коңгуроосу жаналекетке түшүп чырылдады. Айгүлдүн ичке манжалары керебеттин жанында турган тумбанын үстүн сыйпалап атып чырылдаган үндү өчүрдү. Саатты караса – жети. Сегизде жумушунда болушу керек. Айла жок көзүн бир ачып, бир жумган бойдон ваннага жөнөдү. -Сабыр, тур. Мен кечигем. Тур, жуун, – деди Айгүл бөлмөгө кирери менен жуурканына оронуп алып уктап аткан күйөөсүнө. -Канча толугу менен…..

Бейшебай Усубалиев: Зоока

Зоока –Кичине киши өңдүрөөгүн берчи…– деди Карагул, жаман тумагын аялын көздөй сунуп. – Даакыдай самсаалатып… Киши уялат экен… –Уялганда!.. – Аялы оозун эптеп келатып, кайра жалтактай кетти. – Жок да. Дагы тумагы жок келбедиңби кечөө… –Ыя?! – Карагул көзүн ала качты. – Тумагы жок… Өзүм эле келдимби?.. –Ооба!.. – Аялы зиркилдейин деп келатып, дагы жалтактай кетти. – Өзүң эле келдиң. Бул коктуда бизден бөлөк ким бар эле?.. –Аа… Айбекти кошуп берсең болмок экен. –Кошкондо малды ким карайт эле?.. –Аа… Кудай алды дейсиңби, бир талга илинип турат да. –Колун шилтеди. – толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй

“Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” Очерк “…элестелип дүйнөгө бүт таркады кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”. (Жолон Мамытов) Сүймөнкул абаны жазам деп оолукканым качан… Өзүнө учураганымда шаарыбызды саратан куйкалап, газдалган сууга турган элдин кезегин бир-бирине уласа, кербей-чойбой калааны бир курчаса жете турган. Мезгилиң тутумга илинбейт экен, минтип жалбырак күбүп, күз да кирип келди. Эртең эле буйруса кыш… Бурч-бурчта тигилген боз үйлөрдүн биринде бутуңду узун сунуп, көздү жумуп, суу кошулган кымызды ууртап отурганда түндүктөн жай жылган булуттар бейпайда кеткен күндөрдү сызылтып, жүрөктү “зырп” эттирип жүрдү го!.. Кайып болуп кеткен күндөр!.. Чыгармачылык алакасы бар ашыналарым толугу менен…..

Айдарбек Сарманбетов: Бак талаш

Бакталаш (аңгеме) -Ата! Биздин бакты кыйып жатат! Тиги… бу… Акмат!..- деп, кичүү небереси анталаңдай үйгө жүгүрүп кирип күтүүсүз жерден калайман салып жиберди. Төрдөгү көрпө төшөктө жамбаштай жатып, бейкапар китеп окуп аткан Бектур карыя баш-аягы жок сөздөн эч нерсе аңдай албай тестиерине элтейе карап: -Эмне дейт? Ким? Кайсыл бакты?..- деп, чочуй баш көтөрдү. -Жанагы… тиги… ортодогу… Небересинин чалды-куйду кебинен алда кандай жаман окуяны боолгогон Бектур китебин таштай карбаластап тура калып, өтүгүнө бут сала тарталаңдай сыртка умтулду. Ошондой. Сырттан удаама-удаа чакылдап чабыла баштаган балтанын үнүн жанатан эле шооткондо бу неси болуп кетти экен толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Түндөгү чыр

Каныштын күйөөсү менен көлгө келгенинин экинчи түнү. Ушул эки түн теӊ буларда уйку жок. Кечээ саат түшкү бирлерде келип түшүшкөн.  Анан дароо эле жатар жер таап, буюм-тайымдарын жайгаштырып, көлгө түшүп келишти. Көлдүн ызы-чуу жээгинде бири-биринен алаксымыш этишти. Сыртынан караган бирөөгө бул экөө өтө эле ынтымактуу, бири-бирине сыпаа жуптар болуп көрүнөт. Алтургай, экөөнүн мамилеси сууган сайын, сыртынан экөө тең бири-бирине акырын сүйлөгөнгө өтүшкөн. Шаардан чыкканда, көлдө ачык сүйлөшүп аларбыз дешкен эле. Эми мына экинчи күндү карытып, түндө керебеттин эки четинде бири-биринин дем алганын тыңшап уйкусуз жатышат. Саат канча экени белгисиз. Каныш толугу менен…..