Мамлекеттик катчы С.Касманбетов Улуттук жазуучулар союзуна келип, жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзуна келип, акын-жазуучулар менен жолукту. Жолугушууга төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, эл жазуучулары М.Абакиров, А.Жакшылыков, С.Станалиев, К.Сыдыкова, эл акындары Н.Алымбеков, А.Рыскулов, А.Өмүрканов, К.Култегин, Т.Закирова, М.Ааматов, Т.Нурманбетов, Маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер Ж.Саалаев, Т.Шайдуллаева, А.Сариев, К.Качибеков, К.Сариева, Б.Усубалиев, А.Медетов, Г.Станалиева ж.б. акын-жазуучулар катышты. Мамлекеттик катчы жазуучулар союзунун абалы менен таанышып, сунуш пикирлерди угуп, мамлекет тарабынан колдоо болорун билдирип кайтты. КР эл акыны К.Култегин “КР Президентинин китеп борбору” деген долбоорду ишке ашырууну сунуш кылды. “Учурда мамлекет тарабынан жылына көп эле китептер басылып атат. толугу менен…..

Түмөнбай Колдошов: Тазагүл Закирова жана элегия

Тазагүл Закирова жана элегия 1970-80-жылдардагы жаш акындардын арасында Тазагүл Закирова деген ысым бар эле. Ал кыргыз профессионал поэзиясындагы кыздардын катарын толуктап, түштүк тараптан чыккан туңгуч акын кыз өз стили, назик лирикасы менен коомчулукка өзүн тааныта алды. “Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, киносценарист Тазагүл Закирова өз теңтуштарынан алдыга суурулуп чыгып, кыргыз профессионал поэзиясынын деңгээлинин көтөрүлүшүнө өз салымын кошту. Бардык акындар кайрылган Ата Журт, өмүр, тагдыр, сүйүү, табият, жаштык, акындык өнөрдүн түйшүгү ж.б.у.с. темаларды Т.Закирова да четтеп өтпөгөн. Албетте, өзүнөн мурункуларды кайталап эмес, тескерисинче мурда кийин укпаган же көрбөгөн салыштырууларды поэзиянын тилинде толугу менен…..

Лайли Үкүбаева: Көркөм котормонун залкары – Мырзаян Төлөмүшов

Көркөм котормонун залкары – Мырзаян Төлөмүшов 2022-жылдын 20-ноябрында кыргыз элинин таланттуу уулдарынын бири, залкар котормочу, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мырзаян Төлөмүшов 80 жашка толуп, кутман курагын белгиледи. Ал 1942-жылы Нарын областынын Тянь-Шань районуна караштуу Кум-Бел айылында туулган. 1961-жылы Казан-Куйгандагы Оттук орто мектебин бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик университетине (университет ал учурда ушинтип аталчу) филология факультетине кирген, бирок ошол учурдагы аскердик тартипке ылайык 1963-1966-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөөгө туура келет. Армиядан кайтып келип, 1966-жылы окуусун университетте кайрадан улантат. Биз, курсташтары, Мырзаян Төлөмүшов менен ошол мезгилдерде таанышкан элек. Мырзаян байке (бизден толугу менен…..

Өмүрбек Тиллебаев: Кайрат айтам, Назым Хикметтин улуу элине!

Тур, түрк боорум Көчкөн үйлөр, Өчкөн өмүрлөр, Бозоргон чаң, Боздогон үн, Ай-ааламдын жүрөгүн Козгогон үн. Айтарга сөз жетпейт, Сөздөр кулаган үйлөргө Калган басылып. Ач арбактай, Асман-жердин ортосунда турам асылып. Тур, түрк боорум! Түбүң Ала-Тоодон кеткен, Учуң деңизге жеткен, Кулачыңы жайып тур. Жараткан алардын жараатын, Тезирээк айыктыр. Сүзүп барам силерге, Жүрөгүм-кайыктыр. Менин рухум рухуңа, Жаңы эле жан уруп жаткан, Менин ырларым сенин тилиңде, Жаңы эле жаңырып жаткан, Жүзүңдү көрсөм дегем, Көрдүм го үйлөрдү жарылып жаткан. Тур, түрк боорум! Келет ак таң. Күч кошулсун күчүңө, Дем кошулсун демиңе, Кайрат айтам, Назым Хикметтин толугу менен…..

Мукай Элебаев атындагы адабий сыйлыктын кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгын ыйгаруу боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими менен аталган сыйлыктын кабыл алуу мөөнөтү узартылды. Чечимге ылайык кабыл алуу 2023-жылдын 1-мартына чейин жүргүзүлөт. Катышууга үлгүрбөй калган жазуучуларга жакшы мүмкүнчүлүк. Жобо менен кененирээк таанышып алыңыздар. Жобого айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун адабият жаатындагы Мукай Элебаев атындагы республикалык адабий сыйлыгы улуттук адабияттын өсүп – өнүгүшүнө өзгөчө салым киргизген эстетикалык жана тарбиялык таасири бар, кеңири коомдук таанууга ээ болгон толугу менен…..

Айбек Абдылдаев: Адам карышкыр

Адам карышкыр (аңгеме) Улуп-уңшуган карышкырдын үнүнөн чочуп ойгонду. -Атаңдын оозун урайын! Бу канчыктын үнү кудайга жеткенче, мылтыгымдын огу ага жетер! -Кой, абышка. Кудайдан улук сүйлөбө, жети түндө темселеп каякка бармак элең? Капсалаң чын эле мылтыгын ала чуркайбы деп коркту Бурул кемпир. Карышкыр улуганын койбоду, тоонун мемиреген түнү бузулду. Капсалаң сыяктуу эле түнү менен бүт дүйнө түйшөлүп чыкты. Күздүн жөө туманы салаңдап, тоо этегине жакындап келе жаткан… Айыл этегиндеги обочо турган үйдүн морунан чыккан түтүн тоодон соккон шамалга үзүлөт. Эки небересин таң атпай тургузуп, мал-келди жайгарууга жумшаган Капсалаңдын табы жок эле. толугу менен…..

Адабий сындын арышы кенен болсун

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Адабий сын” секциясы жаңырган жылдагы алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйынга адабиятчылар А.Медетов, Г.Станалиева, Ж.Турдубаев, Н.Казакова, Б.Таштаналиев, секция башчысы С.Алахан, төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, акын-журналист Э.Ажыкановалар катышты. Жыйынды төрага ачып берип, буга чейин жазуучулар союзунун ички-тышкы иштери, техникалык, финансылык маселелери менен алек болуп, чыгармачылык багытта максаттуу иштер аткарылбай келгенин айтып, иш эми алдыга жылып, мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатканына токтолду. Бул жылы адабий сынды колго алып, чыгармачылык жаатта жигердүү иштер аткарыларын убада кылды. Н.Калыбеков: Эгемендүүлүк алган жылдары демократиянын шарапаты менен акын-жазуучуларыбыздын саны көбөйдү. Учурда толугу менен…..

Азербайжан Парламентинин депутаты, жазуучу Ганира Пашаева жазуучулар союзуна келди

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков Азербайжан Республикасынын Парламентинин маданият комитетинин төрайымы, депутат, ф.и.д., жазуучу Ганира Пашаева менен жолукту. Жолугушууга Ганира айым менен бирге Азербайжан Парламентинин депутаттары: илим, билим жана саламаттык сактоо комитетинин мүчөсү, мамлекеттик жана саясий ишмер Мушвиг Фазиль оглы Мамедли, экономикалык саясат, өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, мамлекеттик жана саясий ишмер Али Ахмед оглы Масимли, “Нефес” коомдук бирикмесинин төрайымы Фиренгиз Балакишаева, Эл аралык “Евразия” басма сөз фондунун жетекчиси Үмүт Рехимоглу Мирзаев катышты. Ал эми Улуттук жазуучулар союзунан төраганын орун басары К.Кадыракунов, акын Жедигер Саалаев, жазуучу Ж.Моңолодоров, Ж.Акаева, толугу менен…..