Нариман Сулайманов: Кичинекей жалбырак

Кичинекей жалбырак (Азербайжан) Кичинекей жашыл жалбырак жазгы бүчүрүн жарып чыкты. Ал шакта туруп, ааламга көз жүгүрттү. Эми гана уйкудан көз ачкан кыпкызыл күн кичинекей жалбыракка жагымдуу тиктеди жана анын үстүнө алтын түстүү нур таратты. –Сен кимсиң? – деп кызыксынып сурады кичинекей жалбырак. –Мен Күнмүн, – өзүн тааныштырды ал. –Менде жашоо, бүтүн ааламдын жылуулугу камтылган. Мени бардыгы күтөт. Баары мени өзүнүн жакшы, жакын досу деп билет. Кичинекей жалбырак жаркын жана нурдуу күнгө назар таштап, кубануу менен мындай деди: –Сонун! Демек, мен эч качан үшүбөйт экенмин да? Күн барган сайын бийиктикке көтөрүлөт, толугу менен…..