Лайли Үкүбаева: Көркөм котормонун залкары – Мырзаян Төлөмүшов

Көркөм котормонун залкары – Мырзаян Төлөмүшов 2022-жылдын 20-ноябрында кыргыз элинин таланттуу уулдарынын бири, залкар котормочу, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мырзаян Төлөмүшов 80 жашка толуп, кутман курагын белгиледи. Ал 1942-жылы Нарын областынын Тянь-Шань районуна караштуу Кум-Бел айылында туулган. 1961-жылы Казан-Куйгандагы Оттук орто мектебин бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик университетине (университет ал учурда ушинтип аталчу) филология факультетине кирген, бирок ошол учурдагы аскердик тартипке ылайык 1963-1966-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөөгө туура келет. Армиядан кайтып келип, 1966-жылы окуусун университетте кайрадан улантат. Биз, курсташтары, Мырзаян Төлөмүшов менен ошол мезгилдерде таанышкан элек. Мырзаян байке (бизден толугу менен…..