Өмүрбек Тиллебаев: Кайрат айтам, Назым Хикметтин улуу элине!

Тур, түрк боорум Көчкөн үйлөр, Өчкөн өмүрлөр, Бозоргон чаң, Боздогон үн, Ай-ааламдын жүрөгүн Козгогон үн. Айтарга сөз жетпейт, Сөздөр кулаган үйлөргө Калган басылып. Ач арбактай, Асман-жердин ортосунда турам асылып. Тур, түрк боорум! Түбүң Ала-Тоодон кеткен, Учуң деңизге жеткен, Кулачыңы жайып тур. Жараткан алардын жараатын, Тезирээк айыктыр. Сүзүп барам силерге, Жүрөгүм-кайыктыр. Менин рухум рухуңа, Жаңы эле жан уруп жаткан, Менин ырларым сенин тилиңде, Жаңы эле жаңырып жаткан, Жүзүңдү көрсөм дегем, Көрдүм го үйлөрдү жарылып жаткан. Тур, түрк боорум! Келет ак таң. Күч кошулсун күчүңө, Дем кошулсун демиңе, Кайрат айтам, Назым Хикметтин толугу менен…..