Муратбек Рысбеков: Инсандын калыптанышы

Инсандын калыптанышы (поэма-эсседен үзүндү ) Пролог ордуна … кандай сонун алтын жаштык кезибиз, бүткөн окуу ар кимибиз- ар кай жакка тарадык, буйрук экен тоолуу аймак болду энчи үлүшүм, бойдок кезим ал кездерде жогор жактан камкордуктар болчу эле, мага болсо- курулушта колдонуучу вагон дом жашоо үчүн убактылуу болду шарты жөнөкөй, жаңы жерди элетти көрүү укмуш турбайбы (?) алигүнчө ал элестер жады эсте сакталуу… жазгы баар убак болчу… чоң мектептин курулушу объектим, узун бойлуу ак жуумал радиодон келип калды кабарчы, жергиликтүү экен ал- аймагында курулушу мектептин, өзүн дагы сүйүнткөнү жаш жүзүнөн байкалат, толугу менен…..