Бурул Калчабаева: Ээң кайда, Акжолтой?

Ээң кайда, Акжолтой? социалдык драма Катышуучулар: Бектур– сүрөтчү Асмат– аялы Чубак–  Бектурдун мурдагы шакирти Акжолтой– Сүрөтчүнүн ити Сонун– базарда отурган аял Гезит саткан киши– Рыспек– айылдан сүт, нан апкелип сатат. Райкүл(Рая) – базарда отурган аял Окуя 2000-жылдардын ортосунда өтөт. Биринчи бөлүм Биринчи көрүнүш Чакан базарча. Аялдаманын четин базарчага айландырып алышкан. Арткы планда кабат үйлөр. Газдалган суунун аппараты турат. Ал иштебей калган. Орто ченде комок. Анын эки капталында кыдыракей коюлган чакан столдор. Кээ бир столдун үстү жабык. Жөн эле орун ээлеп койгон. Тамеки, конфет, сагыз, калем, нан, суу… айтор күнүмдүк тиричиликке керектүү толугу менен…..