Көп кырдуу талант ээси Мурзапар Үсөн дүйнөдөн кайтты

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Жазуучу, акын, драматург, тарыхчы, скульптор Мурзапар Үсөн дүйнөдөн кайтты. Мурзапар Үсөн 1948-жылы Баткен облусунун, Баткен районуна караштуу Кара-Булак (Мервана) кыштагында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң, Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1970-жылы Кара-Булак орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин 1981-жылы бүтүргөн. Мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор болуп иштеген. 1981-жылы Кара-Булак орто мектебинин окутуучулары жана окуучулары менен биргеликте Айгүл гүлүн коргоого алууну уюштурган. 1989-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Нооруз майрамын белгилеп, ошол эле жылы алгачкы ирет “Айгүл гүлү” майрамын толугу менен…..