“Жылдын мыкты китеби” сыйлыгы тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу салтка айланган, кезектеги “Жылдын мыкты китеби” сыйлыгын тапшырды. 2022-жыл ичинде жарык көргөн адабият жаатындагы китептердин арасынан балдар адабияты сериясы боюнча Б.Асаналиевдин “Балдан ширин балалык”, проза сериясы боюнча Т.Шайдуллаеванын “Балакана”, поэзия сериясы боюнча К.Оторбаевдин “Гүлдөр күтөт” китептери атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен “Жылдын мыкты китеби” деп табылды. Авторлор диплом жана статуэтка менен сыйланышты. Сыйлык тапшыруу аземи КР Улуттук жазуучулар союзунда өттү жана иш чарага төрага Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучулары М.Абакиров, С.Рысбаев, КР Эл акыны Т.Нурманбетов, Ж.Саалаев катышты.

Данияр Исанов: Санаа мени саргайтса – сагыныч мени жашартат

Санаа мени саргайтса – сагыныч мени жашартат (Эссе) Санаа мени саргайтса, сагыныч мени жашартат… Санаасын да, сагынычын да жерибейм. Балким, мени ушул эки нерсе эсиме келтирип, ар таңда Улуу Жолго – Улуу Милдет жүктөп туруп, анан адам бол деп алыска узатып турганындадыр!? *** Санаа – чабыттап учкан кыялым… Кай жерге беттеп учат, кайдан токтойт – муну элестетүүнүн өзү коркунучтуу. Санаа токтогон күнү өмүр бүтчүдөй туюлат. Убайым жеген адам өзү үчүн да, өзгөлөр үчүн да кам көрөт! *** Санаа тарткандардын дили карайганын көрбөдүм. Санаа – жашоодон тыянак чыгарчу бүтүмдөй. Андыктан сабалап уч, толугу менен…..