Гүлзада Станалиева: Өмүрдүн морт, сүйүү кымбат экенин, Түшүндүк да, бир өзөккө айландык

***** Сагынган элем, кирипсиң түндө түшүмө. Ойгонуп кетип, ыйладым көпкө шолоктоп. Балалык кезден тараган бойго кусадан Арылар бекен, жазылар бекен толгон бук.   Сагынгам элем, кирипсиң менин түшүмө. Кирипсиң… кандай, эмнелер болду эсте жок. Билгеним жалгыз жадыма сиңген кусалык Күчөдү кайра… ыйладым көпкө шолоктоп.   Билгенге кандай балалык таза сезимге, Кусаны артып, сурабай тагдыр чечилип. Кайран баш бакыт-таалайга тунган чакта да, Өтөрү бышык кусадар өмүр кечирип.   Жаагын, ак кар Кар жаап жатат… Сапырылган жаңы кар Канча жолу жаады менин жашоомдо, Оо, ушинтип билбейм дагы канча жаар?   Жаагын, ак толугу менен…..