Таштанбек Чакиев: Боор толгоо

Боор толгоо (Ыр Стамбулда болуп өткөн 2022-жылдын 13-ноябрындагы террактан кийин жаралды) I Сен жашаган үлкөн калаа, Андагы эл боордош бизге. Шам чырактар кызыл-тазыл, Шай көйнөкчөн келин-кыздар… Таранчылар зымда отурган Тизип койгон өңдүү жипке. Анан дагы өткөн унаа Каршы-терши Көчөдөн. Кара деңиз албуут мүнөз, Түркүн кеме андагы Түрлүү кайык Добуш салып, Ар тарапка жөнөгөн. Ак чардактар, Деңиз бойлой, Ойкуй-кайкый учушкан. Тар көчөлөр ийри-муйру. Андагы эл Агып жаткан, Анан бир маал Кайтып жаткан жумуштан. Кала берсе, Түрлүү поезд, Жонун күнгө кактаган, Сансыз учак Асманга да, аэропортко батпаган. Бири келсе, дагы бири учуп толугу менен…..