Кыял Тажиева: Унчуга албадым илебиңе, Уйкуда калды бир улуу мүдөө

Жоолугум желге дирилдейт… Өмүрдүн кол жеткис кайрыгында, Өрт койдуң тагдырдын айдыңына. Махабат, карааным кайда жалгыз, жалгыз, жалгыз Сен мени өзүмдөн айрыдың да, айрыдың да, айрыдың да. Махабат өзүмдөн, Махабат өзүмдөн Айрыдың да.   Унчуга албадым илебиңе, Уйкуда калды бир улуу мүдөө. Махабат, сен келдиң эле мага Ааламды көтөрүп жүрөгүңө. Махабат таарынам, Махабат таарынам жүрөгүмө.   Жоолугум желге дирилдеп, Жоголуп көөнүм бириндеп, Жолуңдан кетип баратам Жолумдан өмүр көрүнбөйт, Жолумдан өмүр көрүнбөйт.   Сен эми айрыба таарынуумдан, Сен мени айрыба сагынуумдан. Махабат, түбөлүк издейм сени Сен мени издебе жаңылуудан. Махабат издебе Махабат толугу менен…..

Байдылда Сарногевдин 90 жылдыгына арналган сынактын финалисттери аныкталды

Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү алкагында Байдылда Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагынын финалисттери аныкталды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтү тарабынан жарыяланган сынакка жалпы 48 автордон чыгармалар келип түшкөн. 5 кишиден турган комиссия мүчөлөрү  Жобого ылайык 5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар менен (поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилдин оригиналдуулугу); Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу; таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы) карап чыгып, 10 финалистке экинчи турга өтүүгө жолдомо толугу менен…..

Абдиламит Матисаков: Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй

“Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” Очерк “…элестелип дүйнөгө бүт таркады кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”. (Жолон Мамытов) Сүймөнкул абаны жазам деп оолукканым качан… Өзүнө учураганымда шаарыбызды саратан куйкалап, газдалган сууга турган элдин кезегин бир-бирине уласа, кербей-чойбой калааны бир курчаса жете турган. Мезгилиң тутумга илинбейт экен, минтип жалбырак күбүп, күз да кирип келди. Эртең эле буйруса кыш… Бурч-бурчта тигилген боз үйлөрдүн биринде бутуңду узун сунуп, көздү жумуп, суу кошулган кымызды ууртап отурганда түндүктөн жай жылган булуттар бейпайда кеткен күндөрдү сызылтып, жүрөктү “зырп” эттирип жүрдү го!.. Кайып болуп кеткен күндөр!.. Чыгармачылык алакасы бар ашыналарым толугу менен…..

Сулайман Рысбаев: Алтын баш

Алтын баш (Жомок) Бир адамдын жалгыз эркек уулу болуптур. Ошол уулу төрөлөрдө кайдан-жайдан экени белгисиз Албарсты кемпир келет да, толгоо тартып жаткан аялга: -Сен корпо, аман-эсен эркек бала төрөйсүң, – дейт экен ага, – ал балаң чоңойгондо чени жок тентек чыгып, эл караган бетиңерди жер каратат. Мындай баланын кереги жок десең, азыртан баш тарт, мен аны азыр эле тумуктуруп жок кыламын. «Куу баш өткөнчө туяк болсун десең өз азабың өзүңдө» – дейт. Абышка-кемпир Албарсты кемпирге жалынып-жалбарып, «Куу баш Курбанаалы» дегенче, тентек болсо мейли, балама тие көрбө» – деп жалынышат. Бала эсен-аман төрөлөт. толугу менен…..

Айдарбек Сарманбетов: Бак талаш

Бакталаш (аңгеме) -Ата! Биздин бакты кыйып жатат! Тиги… бу… Акмат!..- деп, кичүү небереси анталаңдай үйгө жүгүрүп кирип күтүүсүз жерден калайман салып жиберди. Төрдөгү көрпө төшөктө жамбаштай жатып, бейкапар китеп окуп аткан Бектур карыя баш-аягы жок сөздөн эч нерсе аңдай албай тестиерине элтейе карап: -Эмне дейт? Ким? Кайсыл бакты?..- деп, чочуй баш көтөрдү. -Жанагы… тиги… ортодогу… Небересинин чалды-куйду кебинен алда кандай жаман окуяны боолгогон Бектур китебин таштай карбаластап тура калып, өтүгүнө бут сала тарталаңдай сыртка умтулду. Ошондой. Сырттан удаама-удаа чакылдап чабыла баштаган балтанын үнүн жанатан эле шооткондо бу неси болуп кетти экен толугу менен…..

Эгемберди Эрматов: Тургунбай Эргешов жөнүндө

Тургунбай Эргешов Тургунбай Эргешов 1960–70-жылдары басма сөзгө жарыяланган ырлары менен өзүнүн акындык жүзүн көрсөткөн эле. Ошол учурда жалпы хордон анын үнү айырмаланып турчу. Ырларындагы өзгөчө курч саптар окурман катары мени өзүнө тартчу. Тубаса таланттуу акын экендигин адабий чөйрөдө айтып жүрүшчү. Алгачкы чыккан ырлары менен эле элдин назарына илинүү оңой-олтоң иш эмес. ***** Көзү тирүүсүндө бир дагы ыр китеби чыкпады. Буга, биринчиден, акындыктын жолун, тагдырын башкача түшүнүп алып ичимдиктин артынан кеткендиги тескери таасирин тийгизсе, экинчиден, ошол учурда басмада иштеген ичи тар, көралбас, таланттуунун жолун тоскон ортозаар акын сөрөйлөрдүн кесепетинен болду окшойт. Бир нече китептери басмаларда саргайып кезек күтүп жатып, акыры толугу менен…..

Зинакан Пасанова: Уулума кат

Уулума кат (ыр түрмөк) Перзент Ак-карасы аралашып бириккен, Аңтарылып акса дүйнө жиниккен. Ала-салбай, бек карматкан өзүмдү, Балдарыма байлап турган илинчек.   Жол арбыта жүрмөйүнчө билбеген, Жадаганда жалганы көп дүйнөдөн, Жашоого мас жаш баламдын жарыгы, Жаз чакырат жан дүйнөмө кирдеген.   Уяң мүнөз, мажүрөөмүн, чабалмын, Түз эместир дайым эле кадамым. Арданбасын деп азамат уулдарым, Ар-намысты гана бийик кармадым.   Элдей эле пендечилик жактарым, Улуулугум: энелик барк-салмагым. Улашар деп өмүрүмдүн  чаласын, Уулдарыма улуу үмүт артамын.   Турмушумдун катасы көп бейчеки, Түзөөр аны артымдагы перзентим. Өз ордумду басуучулар турганда, Өмүрдөн эч арманы жок толугу менен…..

Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу маданият өкүлдөрү, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды бүгүнкү 2-октябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз! Улут өз наркын, дөөлөттөрүн сактай алганда гана улут катары сакталып калаары ааламдашуу доорунда биротоло айкын болду. Улуттун дал ушул баалуулуктарын коргоп, көрөңгөсүн кемитпей турган маданият өкүлдөрү эмеспи. Унутта калып бара жаткан маданият менен анын өкүлдөрүнө соңку жылдары көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан камкордукка алына баштаганы дагы жакшы жышаан. Бүтүндөй бир улуттун улуу жоопкерчилигин көтөргөн эмгегиңиздерден баар таап, эң бийик сыйлык – эл журттун алкышына арзыңыздар. Бабаларыбыз “элде болсун, эл ичинде бизде болсун” демекчи, дүйнөдө тынчтык болуп, жергебиз толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Түндөгү чыр

Каныштын күйөөсү менен көлгө келгенинин экинчи түнү. Ушул эки түн теӊ буларда уйку жок. Кечээ саат түшкү бирлерде келип түшүшкөн.  Анан дароо эле жатар жер таап, буюм-тайымдарын жайгаштырып, көлгө түшүп келишти. Көлдүн ызы-чуу жээгинде бири-биринен алаксымыш этишти. Сыртынан караган бирөөгө бул экөө өтө эле ынтымактуу, бири-бирине сыпаа жуптар болуп көрүнөт. Алтургай, экөөнүн мамилеси сууган сайын, сыртынан экөө тең бири-бирине акырын сүйлөгөнгө өтүшкөн. Шаардан чыкканда, көлдө ачык сүйлөшүп аларбыз дешкен эле. Эми мына экинчи күндү карытып, түндө керебеттин эки четинде бири-биринин дем алганын тыңшап уйкусуз жатышат. Саат канча экени белгисиз. Каныш толугу менен…..