КР Эл жазуучусу К.Ашымбаевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин 90 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө жазуучунун китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Т.Колдошов, министрликтин алдындагы улуттук адабиятты өнүктүрүү борборунун башчысы, КР Эл акыны К.Култегин, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Эл акыны Т.Мамеев, О.Ибраимов, Л.Үкүбаева ж.б. акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү, адабият ишмерлери, китепкананын эмгек жамааты катышты. Калканбай Ашымбаев 1932-жылы 10-сентябрда Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылында туулган. 1952-жылы Караколдогу окутуучулар институтун, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1952-жылы толугу менен…..