Аллаберди Үмөталиев: Достун жоругу же арактын күчү

Достун жоругу же арактын күчү (сатиралык аңгеме)  Айылда айдоочу досум бар. Ушунчалык түнт неме дейсиң, оозунан бейчеки сөз чыкпайт. Ырдатмак тургай, атайын суранып да сүйлөтө албайсың. А бирок, ачуудан жутуп алса барбы-ы, тимеле эч кимге сөз бербейт, мындайда ырдачу болсо токтотуп көр! Көп сүйлөбөгөн үчүнбү (аракты сейрек иччү), кызып алып какылдап-какшап сайрап киргенде угуп калалы дегенсип, айылдаштары ошонун эле оозун карап калчубуз. Ырдаса үнү жакшы болгондуктан кыйкырып коштоп укчубуз. Той-топурда тимеле бийди эч кимге бербейт. Жаш кезде ичип “концерт” коймок тургай ичкенибиз билинип калчу болсо биз токмок жечүбүз, ал болсо мактоо толугу менен…..