Ушу сени сагынганым жакшыдыр Курган жаным көнүптүр ээ өзүңө, Бир сагыныч ээлеп алды бу кандай? Кең жайлоодо жүргөндүгүм курусун, Кейип турам сенин үнүң угалбай… Ашып-шашып агып жатат Ала-Арча, Мен олтурам өзүң көргөн ташыңда. Ала-Арчадай санаам сага агылат… Андан бөлөк эч нерсе жок башымда. Сага жакчу карагайлар бой тиреп, Табияттын ачып турат көркөмүн… Мен ошондо билбей калган экемин, Сени менен жарыктыгын эртеңим. Арча-кайың айкалышат жарашып, Аны көрүп бир саамга кубандым. Дарак деле өсөт тура түгөйлөш, Мен өзүмдөн ушунчалык уялдым. Ушу сени сагынганым жакшыдыр, Башы сонун, аягын да көрөөрбүз. толугу менен…..