Абдиламит Матисаков: Айдын көз жашы

Айдын көз жашы (аңгеме) (Күйөө балам Курманбектин элесине) …БУ БАЯГЫ бизге тааныш кыш… Апасынан калган аманат тандырга үзбөй нанын жаап, бели бүкүр атасынын жанында кө-өп жыл элгенчик, дааратына суу жылытып, жакасына кир жугузбай багып, адамдардын эсине калбаган кайсы бир ак таңдардын биринде көз жумган шол чалдын дубасын кө-өп алган кыз эми минтип келин болуп босогосун аттаган үйдө кызын уктатып, жанында китеп окуп отурат. Бир барагына аярдай, жаттап алчудан бетер эрдин кыбыратып, бир барагына, тек гана көз чуркатып кетет. Эки кулагы сыртта. Күйөөсү кечикти. Күйөөсү кенчилерге биргат. “Айлык жазам, бүгүнтөн кечиксе толугу менен…..